www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн 52 жаштагы жаран кармалды

Фейсбуктагы баракчасында улут аралык кастыкты козутуу, чагымчыл маанайдагы билдирүү жазган деп шек саналып Чүйдүн Москва районунун 52 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

“2022-жылдын 3-июнунда социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусунун улут аралык кастыкты козутуучу, чагымчыл мүнөздөгү белгилери бар баракчасын аныкташкан”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Соттун чечими менен ал жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук жана уюлдук телефон алынган. Учурда шектүү Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости