www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы шаарындагы инфекциялык ооруканалардын 95% бош эмес. Бул тууралуу калаанын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшинге таянып, казак басылмалары жазып чыкты.
Буга чейин Алматынын тургундары COVID-19 аныкталганына карабастан, аларды ооруканага жаткырбай жатышканына нааразы болушкан. 17-июнда акимчиликтин коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Камалжан Надыров Алматыда абал «чынында оор экенин» айтып, бейтаптар ооруканага абалына жараша тандалып жаткырылып жатканын билдирген.
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны боюнча Алматы шаары биринчи орунда. Расмий маалыматка ылайык, калаада 4 655 киши вирус жуктуруп алганы аныкталса, 938инде оорунун белгилери жок. Алар 3-июндан тартып илдетке кабылгандардын жалпы статистикасына кошулбайт.
Казакстанда оорунун белгилери жок бейтаптарды кошкондо, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 22 708ге жетти. Анын ичинен 105 киши каза болду.
Булак: NazarNews.kg