www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу Өкмөттүн келиши менен СДПК партиясынын лидери Атамбаевдин буюртмасы менене Бабанов олигархтардын башын кошуп “Республика” партиясын түзөт. Себеби жөнөкөй эле, Атамбаев эл көзүнчө ал кезде Убактылуу Өкмөттүн партиясы эсептелген СДПКга баш болуп, капчыктуулардын баарын ошол мезгилде бийликтен кеткен Бакиевдерге каршы “Республика” партиясына шыкаган. Тагдырдын тамашасы менен “Республикага” Бакиевдин “Ак Жол” партиясы менен бийликке келген Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Шаршенбек Абдыкеримов сыяктуулар жанталашып киришкен. Атамбаев президенттикке талапкерин койгондо ушул эле “саясий нойондор” Мадумаров, Ташиевдердин таш-талканын чыгарып мамлекет башчысына Атамбаевди алып келишип, Бабановду премьер-министр кылышат. Атамбаев эч бирин куру койгон жок. Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Шаршенбек Абдыкеримов сыяктуу колдогондоруна бирден партия энчилеп берди. Бабанов өкмөт башчысынан кетсе да, өнтөлөңдөтүп ээрчитип алып, бардык шайлоодо экинчи орунду алып берип жүрдү. 2017-жылы президенттик шайлоодо “Республика” партиясынын лидери “Атакеси” Атамбаевдин сөзүн укпай, СДПКга каршы баш көтөрүп, өзүн элдин 30 пайызы колдорун, атаандаштарынын эл алдында кадыр–баркы жок экенин кой десе болбой, улам айтып, акыры “Атакесинин” каарына калып, Москвада “саякаттап” келгенин эл билет. Ошол мезгилде СДПК партиясынан президенттикке талапкерин коюп жаткандардын бири Чыныбай Турсунбеков болгон. Учурда СДПК партиясы мурунку ал–ахыбалын жоготуп турганда, ошол замандагы №2 партия “Республиканы” Чыныбай Турсунбеков сатып алышы мүмкүн. Биринчиден, чама-чаркы туура келет. Экинчиден, Чыныбай Турсунбеков мамлекетин саясий иштерине аралашып бышып калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости