www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда «Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган жана ири суммада пара алган» деп айыпталып жаткан мурдагы президент Роберт Кочарян 4 миллион долларлык күрөө менен эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Экс-президенттин бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартуу тууралуу чечим боюнча адвокаттардын даттануусун бейшемби күнү өлкөнүн Апелляциялык соту канааттандырды. Башкы прокуратура бул чечим боюнча даттана турганын билдирди.

РБКнын маалыматына караганда, ушу тапта Кочарян Еревандагы медициналык борборлордун биринде дарыланууда.

Роберт Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал 2018-жылы 2008-жылдагы окуялар боюнча камакка алынган. Анда президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип акцияга чыккан адамдар кууп таратылган. Жыйынтыгында он киши өлүп, 250дөн ашыгы жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости