www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында кайрадан эл арасына баркы калбаган парламенттик шайлоо келе жатат. Баарыбызга белгилүү болгон, Кудайдын керемети, Атамбаевдин шарапаты менен кыска аралыкта түптөлгөн “Кыргызстан” саясый партиясы “старт” алды. Бирок күбүрт-шыбырт кептер көбөйдү. Айрымдар “тымызын Канатбек Исаев менен Шаршенбек Абдукеримов “чокушуп” жатышат” деген кеп таратканы менен бүгүн, 18-июлда аталган партиянын өкүлдөрү аймактардан жаштар чогулуп жатканын айтып коңгуроо какты.

Ошондой эле, "Кыргызстан" саясий партиясы санарип партиялык билеттерди берип, жаңылаган билеттер QR код менен камтылганын айтып, аталган документти партиянын саясий кеңешинин жана аймактык бөлүмдөрдүн мүчөлөрү ала тургандыгын жазышып саясый “лөктөрдүн” сүрөттөрү менен маалымат жүктөгөн.

Алар кадимки эле “сансыз бай ата” Шаршенбек Абдукеримов менен "көздүн кыры" менен киши таптаган кадимки Канатбек Исаевдин кучакташып, беттерине беттерин тийгизип турган сүрөттөрдү социалдык тармакка жүктөгөн.

Садага болоюндар, эми кармашкан колуңар үзүлбөсүн, эл арасында жана аткаминерлердин арасында айтылган сөздөр “калп” эле болуп, көзүңөр көзүңөргө чагылышып, оозуңар оозуңарга тийип турсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости