www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүү мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда адвокат Жыргалбек Бабаев социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаардык соту Кубанычбек Жумалиевдин адвокатынын апелляциялык арыз кароонун жыйынтыгында, сот депутаттын үй-бүлөсүнө таандык турак жайларды тинтүүнү мыйзамсыз деп тапкан.
“Шаардык соттук судьялар коллегиясы ЖАМКнын мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа берүү үчүн жеке соттун чечимин прокуратурага жөнөтүүгө ниеттенүүдө” – деп жазган адвокат.
Эске сала кетсек, Жумалиевдин дагы бир адвокаты Бактыбек Жумашевдин айтымында, “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык депутатка жеке тинтүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Депутаттын үйүнө өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда гана жеке тинтүү өткөрүүгө мүмкүн.
Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Кубанычбек Жумалиевдин туугандарынын жана жакындарынын үйлөрүндө жана кеңселеринде тинтүү тергөө ишинин алкагында гана жүргүзгөндүгүн тастыктаган. Тинтүү иштери Кылмыш-процессуалдык мыйзамдын талаптарына ылайык болгонун алар кабарлашкан болчу.
По делу К.Жумалиева сегодня Бишкекский горсуд, по рузультатам рассмотрения апелляционной жалобы, вынес частное...
Опубликовано Жыргалом Бабаевым Четверг, 18 июня 2020 г.
Булак: NazarNews.kg