www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элибиз ансыз да замандын оор мезгилин башынан кечип турган учурда орду толбос жоготууга учурады. Ат үстүндө жалындап, күйүп турган чыгаан Инсаны жарк этип өчүп, армандуу кетти. Ата-Журт ар-намысын Ала-Тоодой бийик Туу кармаган дагы бир эр-азаматынан айрылдык.
Сатыке, кыргыз журтунун чабыттаган барчыны элең. Акыйкат үчүн жан дилиң менен күрөшүп, тайманбастыктын үлгүсүн керсөтүп келдиң. Бул эрдигине жалпы калың журт сыймыктанчу. Анткени карапайым элдин таламын талашып колдоп келдиң. Эл алдына чыгып чечкиндүү сүйлөгөндө далай карасанатай, жеп ичерлер айласын таппай кыйпычыктап турар эле. Акыркы жылдары элиң ишенип шайлаган депутат болуп Кыргыз Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруучу Палатасында талыкпай, тайманбай иштеп келдиң. Ар бир козгогон орчундуу маселелерге терең анализ жүргүзүп, мыйзамдын адилеттүү жаралышына кошкон эмгегиң зор эле Сатыке.
Албетте, көрө албас бут тоскондор бар, жок эмес. Бетке кашкайган чындыкгы айткандыгың үчүн кээ бирөөлөр депугаттыктан чакыртып алабыз дегенге чейин барышты. Бирок, Сатыкемдин эл арасында кадыр-баркы бийик экенин жакшы түшүнүшүп, аргасыздан тим болушту.
Ушул кезде көрө албагандардын чырагына май таамп жаткандыр. Муну биз эски аэропорттон өзүңдү акыркы сапарына узатып жатып сездик, көрдүк. Айрымдардын жүздөрүнөн жылмаю жанып, жаркылдап гургандар да болушту. Эмгегиң сиңирген Бишкек шаарындагылар эки ооз сөз айтып, коштошо албай, шаштырышып, узатып салышты. Айла жок жүрөк сыздап, муун бошоп, жаш кылгырып кала бердик. Жакшылап коштошо албаганыбыз үчүн кечир бизди.
Сатыке кырчындай жашың кыйылып жаш кеттиң, а бирок кереметтүү коңур үнуң ар бир кыргыздын жүрөгүндө жанып, сезимин козгоп, демөөр берип кылымдарды карытып жашай берет. Сенин элиңе жасаган ар-тараптуу адилеттүү эмгегиңди биз, замандаштарың эстеп, эскерип, ар убакта сыймыктанабыз!
Сатыкемдин Курманжан Даткадай кайраттуу апасына, Жусуп баштаган инилерине, өмүрлүк жары Фатимага, алмончоктой балдарына, ага-туугандарына кайрат айтып, азасын тең бөлүшөбүз.
Эске сала кетсек, кыргыздын чыгаан уулу Сатыбалды Жээнбеков 42 жашында ууланып каза тапкан. 1996-жылы маркумдун замандаштары эскеришкен.
Жолдошторунун тобу: Мелис Арыпбек-уулу, Болот Айдаров, Турсунбек
Акун, Тургунбай Деркембаев, Шамшыбек Өтөбаев, Сагынбек Момбеков, Шералы Назаркулов.
Булак: NazarNews.kg