www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саймаитинин иши боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмү чыкты

Аэйеркен Саймаитинин ишине байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия бүгүн корутунду чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында  комиссиянын төрагасы Талант Мамытов маалымдады.

Анын айтымында депутаттык комиссия бул ишке байланыштуу бардык жагдайларды жана маалыматтарды эске алуу менен бир нече жыйынтыкка келген.

1. 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Айеркен Саймаитиге мыйзамсыз түрдө КРнын жарандыгын тастыкстоочу паспорт берип, ал жагдай Саймаитинин Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 2017-жылы Саймаити  Кытай жаранынан 3 млн.28миң 168 долларга бааланган акчасын жана товарын  алып, из жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу анын үстүнөн арыз түшкөн. Укук коргоо органдары “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

2. Айеркен Саймаити 2011-2017-жылдар аралыгында чет өлкөдөгү контрагенттерге жалпысынан 932 миллион АКШ долларын которгон. Ал Оштун соода тармагында алектенген жеке ишкерлерге тиешелүү каражаттар болгон.

3. Саймаити менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу жакын мамиледе болчу. Анын далили катары Саймаити башкы консулдун унаасын колдонуп жүргөн.

Андан сырткары, журналисттер тарабынан  жарык көргөн материалдар боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости