www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Кубатбек Боронов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды. 

Залда Абылгазиевди узатуу иш-чарасына чогулгандар бет кап тагынбагандарын коомчулук сынга алышты. Бет кап тагынбагандардын арасында Абылгазиев менен Боронов дагы бар. Ал эми учурда жүрүп жаткан пандемияга каршы 1.5 метр социалдык аралыкты сактоо менен бирге бет кап тагынуу керек болчу.

Коомчулуктун мындай сынына Өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов жооп берди.

“Эстелик үчүн түшкөн сүрөттү көрүп каап дегени да, бетим дегени да бар, урушуп тилдеп жаткандар андан көп. Окуп, көрүп жатабыз. Ак чөп башта, аз айыбыбызды кечириңиздер! Кечээ эле эмес, сыноо келген март айынан тарта бел чечпей, бет кабын жүзүнөн түшүрбөй иштеп жаткан команданын ишин бир сүрөт менен жокко чыгарып койбосоңуздар… Адамгерчилик менен кабыл алып, ачуу сөздөн алыс болсок дейм.

Кошумчалай кетчү бир жагдай – Аппараттын ар бир кызматкери күн сайын эртең менен ишке келгенде дене табы текшерилгенден кийин гана имаратка киргизилет. Ошол эле учурда сөзсүз бет кап тагынабыз. Өкмөт үйүнүн ичинде санитайзерлер орнотулган”, - деп жазган Эсенгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости