www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Бир суткада 958 кишиден вирус аныкталып, 10 киши каза болду

Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталып, 10 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте — 574, Чүйдө — 128, Ошто — 26, Таласта — 13, Нарында — 24, Ысык-Көлдө — 52, Жалал-Абадда— 78, Баткенде — 57 адамдан илдет табылган.

Алардын ичинен 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.  

Ал эми бир суткада 1 миң 485 адам илдеттен сакайды. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

“Эске сала кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 142 миң 984 киши айыгып чыкса, 2 миң 311 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости