www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата-энең ак мээнет менен өстүрсө, баласы чоңойуп алып короңдоп сотко берип каматабы? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.
«Мыйзамдарды пачкалап пачкалап шашылыш кабыл алып жатышат. Эң эле өкүнүчтү бир кодекс кошулуп жатат. «Баласы атасын, апасын, бир тууганын сотко бере алат» деген... Бул кодекс бактысыздыкты алып келет.
Жаштардын келечегин, тарбиясын башка нукка буруп, сен ата-энеңди укпа, сыйлаба каалаганыңды кыл деп жатат. Бул кодекс бизге керек эмес, эгер намысыңар болсо! Ансыз деле жаштар көчөгө чыкса улууну сыйлоо жокко эссе болуп бара жатат. Жөнөкөй эле мисал, шаарда каттаган маршруттук таксиге чыксаңыз, жаштар (студенттер, окуучулар) былтыйып олтурушканын көп эле байкайсыңар чыгаар. Мага орун керек эмес, мен жашмын дагы. Туруп бараткан улуу кишилер, улуу апаларыбыз, энелерибизге орун берүү жок. Бул ачуу чындык. Тарбия жок болуп бара жатат. Демократия деп эле, өзүбүздүн улуу идеологияны жокко чыгарып жатышат. Биздин Ислам динибизде мындай жат көрүнүш жок, динден дагы чыгып, коом бузулуп бараткандай сезилет....
Токтоткула мындай мыйзамдарды. Бир тууганды уруштуруп, ата-энесин каматып, үй -бүлөнү жарып, жаштарыбыз салпактап көчөгө чыгып кетпесин.
Айткылачы биз эмне жаман тарбия алдыкпы? Мен мисалы атамдан таяк жеп эле чоңойгом. Апаман таяк жеп эле чоңойгом. Ага эч эч өкүнбөйм, кайра ыраазымын. Мени жакшы болсун деп тарбиялаган. Атан менен апаң эч качан сени жаман көрбөйт, жаман болсун дебейт, жаман болсун деп таяк бербейт бул анык! Эми ошондо ата-энең ак мээнет менен багып, өстүрүп, чоңойтуп койсо баласы чоңойуп алып короңдоп сотко берип каматабы? Токтоткула шерменде мыйзамыңарды!
Андан көрө балалуу болбой койгонубуз жакшы дегендер чыгат. Ошол мыйзамдын авторлорун акылын, мээсин текшерип койгула! Өздөрүндө бала болсо, ошол баласы каматып жүрбөсүн!», - деп белгиледи Атазов.
Булак: NazarNews.kg