www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азырынча аталышы жок, бирок B.1.1.529 деп белгиленип жаткан коронавирустун жаңы түрү алгач СПИД менен ооруган адамдын организминде пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу россиялык иммунолог Николай Крючков "Ридус" басылмасына билдирди.

Эске салсак, Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталгандыгына байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жума күнү чукул жыйын өткөргөн.

Коронавирустун жаңы түрү аныкталганына байланыштуу Улуу Британия менен Израилде Түштүк Африкага каттамдар токтотулган.

"Жаңы вариант тууралуу азырынча көп нерсе белгисиз. Бирок окумуштуулар бул мутация ВИЧ-инфекциясын жуктурган адамдын организминде болгон деп божомолдоп жатышат. Болгондо дагы оорусу күчөп кеткен адамда. Жаңы штамм пайда болгон Түштүк Африкада СПИД илдетине чалдыккан адамдар көп болгондуктан, бул туура божомол деп ишенип жатабыз", — деди дарыгер.

Адис вирус өтө жугуштуу экенин айтып, ал вакцинага дагы туруштук бериши мүмкүн деп божомолдоодо.

"Бул вирус 32 жолу мутация болгон. Демек, өтө жугуштуу. Штаммдын бир бөлүгү "дельта", дагы бир бөлүгү "беттадан" турат. Курамында жаңы бөлүкчөлөр дагы бар", — деди Крючков.

Адис бул штамм дагы дүйнөгө тарап кетиши толук мүмкүн экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости