www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын сегизинчи саммити өтүп, кеңешти мындан ары "Түрк мамлекеттер уюму" деп атоо чечими кабыл алынды. Саммиттин жыйынтыгында, өлкө башчылары "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы — 2040" стратегиялык документине кол коюп, бардык тармактарда кызматташтыкты күчөтүүнү убадалашты. Мунун алдында Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү министрлери жана окумуштуулар катышкан жыйын өткөн. Анда “Жалпы түрк тарыхы”, “Жалпы түрк адабияты” жана “Түрк дүйнөсүнүн географиясы” окуу китептеринин долбоорлору талкууланды. Кыргыз тарап көптөн бери эле окуу китеп долбоорлорун оңдоо, жакшыртуу жаатында бир катар олуттуу талаптарын билдирип келүүдө. Биз Кыяз агайды кепке тарттык.
— Кыяз аке, жакында эле, Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын сегизинчи саммити өтүп, кеңешти мындан ары "Түрк мамлекеттер уюму" деп атоо чечими кабыл алынды. Бул аталыш башка боордошторубузду чектөөгө алып барбайбы? Мисалы, өз алдынча мамлекет деген макамга ээ болбогондору да бар да. Алар кандай болот?
— Алгач мындай аталышты алуудан мурда адистер, эксперттер менен кеңешип, анан бир чечимге келгенин айтышууда. Келечекте мамлекеттүүлүгү жок өлкөлөр да өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болсун деген тилекте ушундай чечимге келгендир. Кеп аталышта эмес, анын иштеп кетишинде, пайдалуулугунда.
— Социалдык түйүндөрдө “Түрк тектүү элдердин орток тили катары казак тили кабыл алынды, анткени, анда араб сөздөрү аз экен, ал эми түрк тектүү элдин борбору Стамбул болмой болду” деген маалыматтар тарап кетти. Бул фейк маалымат болгон күндө деле, элдин маанайын билели деген кимдир бирөөлөр укурук ыргытып жатышы мүмкүн да. Аларга сөз кошпосок болбостур. Дегеним, чындап эле, казак тилин орток тил катары кабыл алуу туурабы?
Кыргыздардын 5 миң жылдык тарыхын казып, далилдедиңиздер. Демек, кыргыз этномими түрк деген элден дагы мурун болуп жатпайбы. Ал эми казак деген эл кечээ жаралганын билебиз. Ошондой эле, түрк тектүү элдин ордосу Алтай экенин эч ким таналбайт. Азыр да боордоштурубуз жашайт. Анан аны Стамбулга оодаруу канчалык деңгээлде туура болот?
— Чынын айтканда, андай чечим кабыл алынса угат элек. Жөн эле фейк болушу мүмкүн. Орток тил казак тили болушу да мүмкүн эмес. Негизи, бир тилди орток тил болсун деген маселе көтөрүлгөндө, бул уюмдун иши да, күнү да бүтөт.
— Жыйындан алдын, 3–4-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү министрлери жана окумуштуулар катышкан жыйын өтүп, анда “Жалпы түрк тарыхы”, “Жалпы түрк адабияты” жана “Түрк дүйнөсүнүн географиясы” окуу китептеринин долбоорлору талкууланыптыр. Бул боюнча эмнелерди айтып бере аласыз?
— Ооба, “Жалпы түрк тарыхы” окуу китеби да талкууланып, кыргыз тарап өздөрү сунуш кылган маселелер бул китептен орун таппаса аталган китеп менен макул эместигин дагы бир жолу билдиришти. Бул китептин тегерегиндеги талаш 2014-жылдан бери уланып келе жатат. Ар кандай жол менен өткөрүп алууга да аракеттер болду. Бирок кыргыз тарап катуу турду. Буюрса, эми ортодо редакциялык комиссия түзүлмөк болду. Ошол комиссия бардыгын ордуна койот деген үмүттөбүз.
— Ошол орток түрк тарыхын жазуу демилгеси боюнча, ортодогу талаш-тартыш жөнүндө кененирээк айтып бере аласызбы?
— Орток түрк тарыхын жазуу демилгеси 1992-жылы башталган. Ошондо жалпы түрк тарыхын жазуу маселеси түрк тилдүү мамлекеттердин жыйынында каралып, декларация кабыл алынган. Андан кийин Билим берүү министрликтери орток түрк тарыхын лицейлерде жана орто мектептерде окутуу боюнча атайын келишим түзгөн. 1994–95-жылдары программалар түзүлүп, биз тарыхчылардан Тынчтыкбек Чоротегин экөөбүз Анкарага барып, орток түрк тарыхын жазууга катышканбыз. Бирок ошол мезгилде айрым бир республикалар буга каршылыгын, нааразылыгын билдирип, китеп чыкпай калган. Андан кийин 2012-жылы Бишкекте өткөн Түрк кеңешинин саммитинде кайрадан маселе көтөрүлдү. Түрк академиясы уюшулуп, бул маселе боюнча 2014-жылдан баштап активдүү иш баштады.
— Бул көп жылдан бери талкууланып келе жаткан экен да?
— Ооба, 2014-жылы алгачкы тарых окуу китеби дагы чыккан. Алгачкы китептин долбоору — “Жалпы Түрк Тарыхы” окуу китеби Дархан Кыдырали (учурдагы Эл аралык Түрк академиясынын президенти, казакстандык тарыхчы) жана Гайбулла Бабаяровдун (өзбекстандык тарыхчы, нумизматика адиси) авторлугу менен чыккан. Анда китептин башында эле “Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган” деп жазылган. Жарык көргөндөн баштап эле китептин мүчүлүштүктөрүн айтканбыз.
Ачыгын айтканда, кыргыз тарыхчыларынын, Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин сунуштарын эске албай коюшкан. Мисалы, китептин алгачкы вариантында Барсбек тууралуу, Улуу кыргыз дөөлөтү тууралуу, “Манас” эпосуна дагы көңүл бурулган эмес. Кыргыз тарыхчылары сунуш кылган жагдайлар эске алынбай калган. 2014-жылдан баштап бул баш оору улам-улам козголуп келди. 2017-жылга чейин биздин Билим берүү министрлиги, тарыхчылар тарабынан айтылган сунуштар жарым-жартылай гана эске алынды.
Айрым түзөтүүлөр кирди. Биз “Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен” дегенди алып салгыла дегенбиз. Ошону эске алып, аны алып коюшту. Себеби, бул демилге Бишкекте өткөн Түрк кеңешинин саммитинде кабыл алынган. Бул жерде жалпы эле кыргыз жазмасына көңүл бурулган эмес. Ошентип биз китептин ушул түрдө чыгышына каршы болдук. 2017-жылы жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен ошол жерде иштеген биздин Кадыралы Коңкобаев агабыз кирип, “Азербайжанда декабрда жыйын болот, ошол жерде орток түрк тарыхын кабыл алышыбыз керек. Бир мамлекет каршы болсо, кабыл алынбай калат экен” деп башкача маалымат берип койгон.
Анан президенттик аппарат бизди “эмне себептен каршы чыгып, ишти кармап жатасыңар” дегенге чейин барган. Биз ошондой айтканбыз, “Мындай демитип, президентке арызданып, кыргыз тарыхчыларын макул кыла албайсыңар. Андан көрө биздин пикирлерди эске алып, жалпы оңдоп, бир пикирге келип, орток түрк тарыхын басалы” дегенбиз. Биздин бекем позициябыздын натыйжасында Кыргызстан бул китепке макулдук берген жок. Ошентип, 2019-жылдан баштап бул маселе туруп калды.
2021-жылдын 3–4-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлгөн жыйында Тынчтыкбек Чоротегин кайрадан маселе көтөрдү. “Биздин сунуштарды жарым-жартылай гана эске алыпсыңар. Биз айткан сунуштар кирбесе, макул эмеспиз. Андан көрө кадыр-барктуу редакциялык кеңеш түзүлүп, кайрадан каралсын” деген сунуш берди. Биз бул көз карашыбыздан кайтпайбыз. Атайын редкеңеш кайрадан карап чыгып, кыргыз тараптын сунуштары орток түрк тарыхына киргенден кийин гана китептин чыгышына макул болобуз.
Булак: Жаңы Ордо гезити