www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин 23 бейтап каза болду

Нью-Йорк штатында коронавируска каршы эмдөөдөн кийин 23 бейтап каза болгон. Бул тууралуу АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун өкүлү билдирдигенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШ бийлиги окуянын чоо-жайын изилдей баштады. Мындан сырткары COVID-19га каршы эмдөөдөн терс таасир алгандардын саны 643кө жеткен. 

«Учурда каза болгон америкалыктар баңгизатын колдонуп колдонбогону аныкталып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Борбордун өкүлү эмдөөдөн кийинки таасирлер баш оору, чыйрыгуу, ысытма, чарчоо сыяктуу клиникалык изилдөөлөрдө байкалгандарга окшош экендигин баса белгилеген. Ошондой эле, ал вакциналардын коопсуздугуна байланыштуу, көйгөйдү көрсөтө турган эч кандай далил жок экендигин да кошумчалаган.

Эске салсак, 18-февралда Грецияда 85 жаштагы карыя коронавируска каршы эмдөөдөн кийин бир нече мүнөттөн кийин көз жумганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости