www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID: Дүйнөдөгү акыркы маалыматтар

Дүйнөдө 25-апрелден 1-майга чейин коронавирус жугузгандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 17%га азайды. Ошондой эле каза болгондордун саны 3% азайган, деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.

Ошого карабастан, коронавирустун омикрон-штаммынын ар кандай түрлөрү аныкталган өлкөлөрдүн саны өсүп жатканын эскертет. Ошондой эле коронавирус менен түз же кыйыр байланышта каза болгондордун саны 13,3 миллиондон 16,6 миллионго чейин жетет (2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин).

«Эксперттердин айтымында, 2020-2021-жылдары өлүм аялдарга (43%) караганда эркектер арасында (57%) көп болгон», - деп айтылат расмий маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости