www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын куралдуу күчтөрү өздөрү камоолго алган Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагына кайрадан чабуулун жандантып, улам-улам сокку урууда. Бул тууралуу Украинанын Башкы штабы кабарлады.

Орус аскерлери заводду артиллерия, авиация жана ракеталар менен аткылоодо. Иш жүзүндө алар заводдун ичине киришти.

Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги “Азовсталь” заводундагы жайкын тургундар үчүн 5-6-7-май күндөрү жашыл коридор ачыларын билдирген. Бирок расмий Киев заводдун аймагы аткылоо аз убакытка гана токтоп, кайрадан уланганын билдирүүдө. Ал жакта жүргөн украин жоокерлери да ушул маалыматтарды кабарлап, аларды да куткарып чыгууну Киевден өтүнүүдө. Аскерлер Бириккен Улуттар Уюмуна, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн президенттерине да жардам сурап кайрылышты.

Орусиянын чабуулду убактылуу токтото туруу жарыясына карабай аткылоосун улантып жатышканын Улуу Британиянын Чалгын кызматы да кабарлады. Мунун себебин алар орус президенти Владимир Путиндин 9-майда “Мариупол толук алынганын жар салуусу үчүн символикалуу жеңиш керек болуп жатканы” менен түшүндүрүүдө.

Мунун алдында БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Мариупол шаарынан, анын ичинде “Азовсталь” заводунун аймагынан 500дөй адам украин бийлиги көзөмөлдөп турган аймактарга чыгарылганын билдирген. Ал жакка кезектеги гуманитардык автобустардын колоннасы жөнөтүлгөнүн Гуттериштин орун басары Мартин Гриффитс маалымдаган.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган. Заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда миңдей украиналык жашынып жатканы айтылган.

Шаарда канча киши каза болгону белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости