www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар кандай коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков Президент Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады.

Манасчы өзүнүн Facebook баракчасынадагы кайрылуусунда, өзүнө карата айтылган ар кандай сын кептерге жооп берген.

«Арыбаңыздар, мен үчүн тынчсызданып калыс пикир айткан адамдарга ыраазычылык билдирем.

Мен өлкөдөн үй-бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн кетүүнү чечтим. Мен ишенбейм, сөз башка, иш башка болду.
Мамлекеттик каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз Садыр аба. Эртең каралоолор үчүн сиз баштап жооп берчү күн келет. Кепти башкага бурумуш болуп ЖЕРДИ унуттурам дебегиле.

Манастын жери Манаска эле калсын дегеним үчүн болуп жатат ушунун баары. Эрбол Султанбаев сен билесиң баарын, уккансың! Мен жан тартып канча нерсе айттым, уктунарбы? Жок, анан кайра айттыңар го башка жерге эле сала бергиле да деп. Президент чакырса келбей койду дейт.

Мен бир жылдан ашык убакытта конкурстун негизинде даярдаган долбоорду жокко чыгарып бир түндө ар кайсы жерден алып чийип койгон долбоорду колдоп, калган жерди ала бергиле дегени бармак белем.

«Семетей» киносунун жабык көрсөткөндө барган 31 киши ( Манас аткаруучулар, жазуучулар, окумуштуулар, режиссёрлор ж.б) жок дебестир президенттин айтканын: Дөөлөт Сыдыков барбы, Манастын айылын ыйык дебесин, шаманизмин токтотсун. Манастын айылын, Байтик тарапка көчүрөбүз деген сөзүн дагы танабы.?

Марат Турсунбеков, Нургалы Асаналиев, Асылбек уулу Дамирбектер МЫЙЗАМСЫЗ Манастын айылын эмнеге талкалап киргенде көрмөксөн болуп коёт. Эми эле көчүрбөй калдык деп башканы сүйлөп отурат.

Ал жакшы, эми жери кемип кетпей Манас ааламына татыктуу имарат туруш керек деген эле тилектемин. Ийгилик каалайм, татыктуу салынсын.
Дагы бир жолу айтып коёюн, жок нерсени чыгарып, калп каралаганды токтоткула!», - деп жазган манасчы.

Белгилей кетсек, жаңы Ак үй салуу үчүн «Манас айылынын» 5 сотка жери алынып жатканы белгилүү болгон. Бирок ал комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков жер берүүгө каршы чыгып, пикирин ачык билдирген. Кийинчерээк президент Садыр Жапаровго «Манас айылын» реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү.

Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандагы таланттуу манасчылардын бири. Ал былтыр ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен. Андан сырткары, Сыдыков быйыл Москвада беш күн, беш түн улуу эпосту айткан.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 3-май күнү «Манас айылы» этнографиялык комплексинин директору кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости