www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армиянын генералы Рокоссовский башында турган Белорус фронту чабуул коюп баратканда душманга каршы жан аябай согушуп, Батыш Двина дарыясында, Витебск шаары үчүн кан төгүлгөн салгылашуулар болот. Эсенбаев Келдибек ушул салгылашуудан кайтпай калат, Витебск шаарын бошотууда көрсөткөн эрдиги үчүн Эсенбаев Келдибек «Кызыл Туу» («Красное знамя») орденине көрсөтүлүп, чабуулдан атам келбей калган соң өлдү дегендердин катарына кошуп, туулган жерине кара кагаз жөнөтүшүптүр. Ушул оор салгылашууларда Эсенбаев Келдибек жарадар болуп талаада үч күн жатып калат. Немецтер менен советтик армиянын ортосунда калгандыктан кансырап, өйдө боло албай жатып калса керек.Түшүмө элес-булас атам, апам кирип, тур деп жатты дей турган. Чабуулга чыгардабы же күнүнөбү сталиндик порция катары 100 грамм арак таратчу дей турган. Согуш учурунда сталиндик 100 граммды басып алышып чабуулга чыгышчу тура. Атам өзүнө тиешелүү порциясын жанындагы оруска берип койчу экен. Баягы оруска рахмат, чабуулдар токтоп, орто тынчып калганда, атам арагын бере койчу эле деп издеп чыгып, кансырап жаткан атамды үч күндөн кийин таап, сүйрөп келиптир. Ал жерден санчастка, санчасттан госпиталга алып барып Минскиде эч кабарсыз бир топ убакыт жатып калат. Госпиталдан гангрена болуп кетиптир деп бутун кескени даярданышат, дарылайлы деп жатып атам бутун кестирбей калат. Атам жаш кезинен эле бутун кесүүгө каршы болуп, Минскинин госпиталынан көрбөгөн тозокту көрүп, бирок бутун кестирбей, өзүн өлдү деп эсептеген айлына келет.
Атам кантип Белорус фронтуна кабылып калган? Атамды Саратовдон мылтык аттырат, огу так, таамай тийип снайпер катары даярдай баштайт. Бир ирет бизди снайперлерди Белорус фронтуна алып кетүүгө даярдай баштаптыр. Кетип баратканда Мукай Элебаев менен коштошуп калдым, ал Кыргызстандан «брон» келип калабы деп үмүт кылып жүрчү. «Согуш кара жерге кирсин» - деп согуш тууралуу айтууну жаман көрчү, ал кезде согуш тууралуу кинолор толтура турдубек ата чыга калабы деп тикийип кара отурчубуз. Фронтто бир өзбек бар эле деп калчу, ПХД тамак алып келсе дайыма жетип барып биринчи турчу экен, бир күнү ПХДга снаряд жарылып ПХД да жок, өзбек да жок деп калчу.
Согуш улам алыстаганы менен добушу жаңырып турат. Улуу Ата-Мекендик согушка 365 миңден ашуун кыргызстандыктар аттанып, ошол согушта 165 миңдей мекендештен айрылганбыз. Кыргыздарды эң оор, согуш кайнап жаткан жерге салышыптыр. Немец офицери, ССтин штандарт фюрери Ганс Шмидт минтип жазыптыр, муну «Правда» гезити 1943-жылдын 6-февралындагы санына жарыялаган: «Биз орустарды кынына кийирип Москвага чейин кубалап бардык. Москвага жеткенде кара тору адамдар пайда болду. Булар ушунчалык чыдамкай, өжөр, жалтанбаган калк болот экен. Танкка каршы өмүрүн аябай жалгыз чыгышат. Ушундай кишилер менен кармашып жатып, булар кимдер экенин тактадым. Көрсө кыргыз, казак деген эл экен». Кыргыз элин алдыга салып Москванын алдында немецтерди тоскону тарыхий чындык. Ал эмес Напалеон каптап келатканда 1812-жылы кыргыз атчандарын Бородинодогу француздарга каршы салып, Наполеонду тоскону да чындык.
Жарык жашоо, өмүр сүрүү, бул түшүнүктөрдүн түпкүрүндө бүтүндөй адам тагдыры, өмүрү, турмушу катылып жатат. Ошол табышмактуу тагдырды жашап өтүү чоң сыноону жаратып, бирде толкунданган , бирде көңүл чөгүп түйшөлгөн абалга кептеп, ары калчап, бери калчап электен өткөрөт. Тагдырдын тайгак кечүүлөрүнөн тайгаланбай, эрктүүлүк менен кечип башка эрдик болбосо керек.
Эсенбаев Келдибек согуштан буту майып болуп келсе да жатып алган жок. Согушка кеткиче директор болуп турган Кара-Суу мектебине директор болот. 1945-жылдан кошуна Үкөк мектебине жетекчи болот. Атамдын айтканы боюнча бир эпизод эске түшөт. Түн бир оокум, жарык өчө элек. Атам тыным албай дагы эле иштеп жатат. Эс алуу дегенди унутуп койгондой. Согуш убагында, согуштан соң Сталин тарабынан мугалимдер үчүн азык-түлүк, ун жана мектеп жетекчилери үчүн чырак майы менен берилип турчу экен. Мугалимдер сабактарын беришер менен колхоздун иштерине жардам беришчү экен. Кызыгы бул да атам өтө принципиалдуу адам болгон. Мамлекеттин ишин жасаганда Сталиндин майы менен анын чырагын пайдаланып, өз ишине келгенде аларды өчүрүп коюп, үйдүн чырагын пайдаланчу экен.
Сүйүн чоң апа эшиктен баш багып: «Деги эс алар күнүң болор бекен?»-деп суроолуу карайт. Суроо деле берейин деген эмес, үй-бүлөсүнүн барына кайыл болуп иштегенине таңданат. Бир жагынан үй-бүлөгө карабай, ишине берилип кеткенине сыймыктанат. Анткени, ал кезде мезгил ошондой болгон. Келдибек берилген суроолорго кулак какпайт, жоопсуз калтырат. Өзүнчө күбүрөнүп,кагаздары менен алпурушуп ишин улантат. Эми бир аз чырм этип алып таңдын атканын күтөт. Анан сүйгөн ишине шашыла жөнөйт. Ал иштеген кызматын барынан бийик койчу. Өтө сыйлачу. Анын эң жакын сырдашы да, муңдашы да кызматы болчу. Жумушу менен алек болуп жатканын жаш кезинен баштап дайым көрүүгө болоор эле. Кийин пенсияга чыкса да алаксып, иштеп, Бишкекке кеткен соң да жаны тынган жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg