www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келген Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи башталды.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Катар менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эки өлкө лидерлери Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Тамим бин Хамад Аль Тани расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости