www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кахов ГЭСиндеги дамбанын жарылуусу Украинанын өз аймактарын оккупациялоо мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизген жок. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку Башкы командачынын штабынын жыйынынын жыйынтыгында билдирди.

«Биз фронттогу кырдаалды жана биздин күчтөрүбүздүн мындан аркы аракеттерге даярдыгын деталдуу талдап чыктык. Даярдык максималдуу. Жарылуу атайылап жасалган, бирок душман өз техникасын суу каптап кетишине жол берип, баш аламандык кылган. Ошол эле учурда дамбанын жардырылышы Украинанын өз аймактарын оккупациялоо мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизген жок», — деп жазган ал өзүнүн Telegram каналында.

Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда Украинада Кахов ГЭСинин платинасы жарылып, Днепрдеги шаарлар жана айыл аймактарды суу каптоо коркунучу жаралып, Херсон облусунун бийлик өкүлдөрү тургундарды шашылыш түрдө эвакуациялап баштаган.

Херсон облустук администрациясынын башчысы Александр Прокудин эртең мененки саат 07:00 чамасында селдин эң чоң агымы 5 сааттан кийин, тактап айтканда, Украина убактысы боюнча саат 12:00дө болорун айткан. Ал эми кийинчерээк Херсон аймактык кеңешинин башчысы Александр Самойленко суу каптоонун эң чоң ташкыны Киев убактысы боюнча 11:00 болорун билдирген.

Укргидроэнерго ГЭСинен билдиришкендей, ГЭС толугу менен талкаланган жана аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес. 

Кахов ГЭСи Украинанын бирдиктүү энергетикалык системасына кирет. Бул Днепрдеги алтынчы жана эң төмөнкү станция, Кахов суу сактагычынын суулары Херсон облусунун кургакчыл райондорун жана Крым жарым аралын азыктандырат. ГЭС Кара деңизден 100 км, Херсондон 60 км бийиктикте жайгашкан. Новая Каховка шаарынан 5 км алыстыкта ​​жайгашкан. Станциянын бузулушу миңдеген адамдардын өлүмүнө жана бир нече ондогон калктуу пункттарды суу каптап кетишине алып келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости