www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-январь күнү “Манас” аба майданына жакын жердеги Дача-Су айылына учак кулап, жалпысынан 39 адам каза болгон.

Бишкектеги "Манас" аба майданына жакын жерде кыйраган учак окуясы катталганына эки айга жакын убакыт болду. Каза болгон адамдардын жакындары менен туугандарына өкмөт тараптан, ар кандай кайрымдуулук фонддор жана жөнөкөй жарандардан жардам берилгени менен, алигиче Түркия тарап компенсацияны төлөй элек. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ушул маселени козгоп, кайсы үй-бүлөлөргө канчадан компенсация төлөп берүү ишин өкмөт азыркыга чейин кечеңдетип жатканын айтып, президентке кайрылды.

"Кырсык болгондон кийин адам башына төлөнө турган компенсация өлчөмү менен экологиялык зыяндардын баары эсептелип, доо-арыз менен түрк тарапка кайрылсак туура болмок. Бирок эки айга жакын убакыт ичинде өкмөт тарабынан жасалган көзгө көрүнөөрлүк жылыш байкалган жок. Шарттарга жараша кырсыктан жабыркаган ар бир адамга элүү миң доллардан төлөнүшү зарыл. Бирок Кыргызстан мыйзамдарында кырсык учурунда өлгөн адамдарга канча компенсация төлөнүп берилиши керектиги так, даана жазылган эмес"- дейт Токтайым Үмөталиева.

Кыргыз өкмөтү өз кезегинде Түркия тарапка кайрылып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 195 миллион талап кылынат деген болчу. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, учак кырсыгынан жабыркагандар менен өкмөттүн өкүлдөрү жакында эле жолугуп, Дача-Судагылардын маселесин эртелетип чечүү боюнча убада беришти.

16-январь күнү "Манас" аба майданына жакын жердеги Дача-Су айылына учак кулап, жалпысынан 39 адам каза болгон. Кырктан ашык үйдүн дээрлик баары кайсы бир деңгээлде жабыркаган.

Учак кыйраган күнү Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы бул кырсык боюнча кылмыш ишин козгоп, “Аба транспортторун колдонуудагы коопсуздук чараларын бузуп, бир канча адамдын өлүмүнө себепкер болуу” беренеси менен иликтеп баштаган.

Булак: "bbc.com"

Последние новости