www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоу-бизнестеги эң шайыр ырчы мырзалардын катарын толуктаган Дайыр Исмадияров былтыркы жылы Жанара аттуу Оштун сулуусуна баш кошуп, Жалал-Абад шаарынын стадионунда кыз узатуу кылып, заманбап тоюн Ош шаарында өткөргөн эле.

Бүгүнкү күндө арадан бир жыл айланбай жаңы курулган үй-бүлө бузулуп олтурат. Буга чейин биздин редакцияга окурмандар тарабынан “Дайыр Исмадияров ажырашып кетиптирби? Аялынын сүрөттөрүн эмнеге киргизбей калды?” деген суроолор көп келген. Бизге берилген суроолорго жооп тапканга аракет кылып көрдүк.

Көрсө, Дайыр чынында жубайы менен бирге жашабай калганына бир нече ай болгонун биздин шенимдүү булактар билдиришти. Жыл башынан бери бойдок ырчы мырзалардай эле тынбай гастролдоп жүргөн ырчы мырза социалдык тармактардагы жубайы менен түшкөн сүрөттөрүнүн баардыгын тазалап, ал тууралуу эч нерсе жазбай да калыптыр.

Жубайы Жанара да “Инстаграмдагы” болгон сүрөттөрүн баракчасы менен кошо өчүрүп салганына күбө болдук. Бизге жеткен маалыматтар азырынча ушул гана. Ал эми толук маалыматты биз ырчы мырза гастролдук иш сапарынан келгенден кийин кеңири маек менен чагылдырабыз!

Аруужан Булекбаева,NazarNews.kg

Последние новости