www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нариман Түлеев өзүнүн ишкерлиги, жетекчилик жаратмандыгы менен Бишкек мэри болуп турганда элге таанылган эле. Мэрлик кызматты аркалап турганда, чындап эле Бишкек шаары таштандыдан айрылып, көчөлөр ыңгайлашып, шаардын Түштүк жолу салынган, бир далай айдоочуларга жеңилдик жаратканы жалган эмес.  Бишкек шаары көрктөнүп, таза шаарга айланып бараткан эле. Ал эми Наримандын атасы рамаатылык Түлеев Ташболот өзү дагы жаратман, ишкер адам болоор эле.

Нарын областык корпорациясына эмгеги сиңген, атак даңка ээ болуп, эл урматтаган сыйлуу адам эле. 90 жылдары СССР кыйрагандан кийин, эл баш отун таба албай, эмне кыларын билбей жүргөндө Ташболот аксакал биринчилерден болуп курулуш менен алек боло баштайт. Үй бүлөсү толук бойдон ишкерлик менен алек болушуп бир далай жетишкен эмгектери менен бааланган. Бир дагы баласы жалкоолук, оюн-зоокко кызыкбай, күнү-түнү эмгектенип келгенин көпчүлүккө маалым.

Ташполот аксакалдын үзүрлүү эмгеги Бишкекте бир далай көрктүү үйлөр, имараттар курулуп, миңдеген адамга жумуш орун менен камсыз кылган. Түлеев Ташполоттун эмгегин эл бааланган, бирок байлыгына бийлик кузгундай болуп көз артып келгени жалган эмес. Атасынын жолун жолдогон баласы Нариман Түлеев дагы тын чыгып, өзгөчө Бишкек шаарына МЭР болуп турганда эмгеги менен баланганын шаардын тургундары күнү бүгүнкүдөй баалап-барктап келет. Н. Түлеевдин атагы жекеле Бишкек шаары эмес бүткүл Кыргызстанга белгилүү болуп эл колдосуна ээ болуп келетканын, ичи тар бийликке жакпай келген. Нариман Түлеев КР.ЖК депутаты болуп турганда Премьер-министрликке талапкерлигин койгондо, парламенттен 27% колдоо табат. Ошондон кийин Н. Түлеевди эл колдосуна ээ экени бийликти ойлонтууга туура келген.

Себеби Нариман  Түлеев эл арасында жаратмандыгы менен таанылып, кайсы гана кызмат өтөбөсүн Президент болобу, премьер министр же мэр кызматын өтөсө дагы ишти натыйжалуу алып кетерин көзү жеткен бийлик, арам ойго барышкан. Себеби,  Н. Түлеевдин шайлоо компаниясына акчасы дагы жетишерлик, эч кимге көз каранды эмес турбайбы деп туруп, саясый куугунтукка алынган.  Ошондон тартып  Нариман Түлеевге жалган кылмыш иш токуп камакка алышат. Ак үйдүн буйругу менен кылмыш ишти токушуп, далили жок Соттук териштирүүгө  өткөн эле, бирок сотто дагы Н. Түлеевдин жана өзү менен кызмат өтөгөн адамдардын бир дагы күнөөсүн далилдей алган жок. Анан эле кара күчкө салып, 11 жылга кесип жибергени аша чаап кеткени болгон, сотто үй мүлкүнөн ажыратуу деген үстүртөдөн чыккан эле. Бирок соттун өкүмүндө конфискация делген эч жерде жок эле. Кандай мыйзамга таянып Түлеевдердин мүлкүн ажыратып жаткандарын билигө дагы болбой, сыр бойдон калууда. Нариман Түлеевдин атасынын жана бир туугандарынын мүлкүн ажыратпай туруп үстүртөн  чыгарып койгон өкүмү жок. Себеби сот процесси кара күчкө салып, мыйзамсыз өткөнүн ачык эле көрдүк. Соттук териштирүүлөр  Ак үйдүн буйюртмасы менен өтүп жатат. Ал эмес коллегиялык соттор дагы көз карандысыз соттук териштрүүлөр болгон эмес, соттук териштрүүлөр бир тараптуу өтүп, бийликтин буюртмасына ылайык өкүмү чыккан.

Ошондуктан Нариман Тулеевдин мүлкүн териштрүү жана ага тиешелүү мүлкүн тастыктабай туруп бардык Түлеевдердин мүлкүн мыйзамсыз, күч менен тартып алып жатышат. Мындай мыйзамсыз ишке бийлик барып жатканы карапайым бизге дагы залалы тийбей койбойт. Анткени жалган жеринен Нариман Тулеевди камап тугандарынын мүлкүн күч менен тартып алган мүлкүн, мыйзамдын чегинен чыкканы. Кийин акыйкат заман келгенде, кайра эле соттук териштрүүлөр болот. Нариман Түлеев акталууга толук далилдүү документтер бар, ошондо кайра мүлкүн кайтаруу болот, ошондо өкмөттүн эсебинен үч эсе кайтарып берүүгө туура келет. Бийликтин атайын кылган кыянатчылыгы үчүн, биз карапайым адамдар эмне үчүн жапа чегишибиз керек.

Себеби компенсация төлөгөндө биздин чөнтөгүбүздөн алат эмеспи. Эл атасы болгон Атамбаев канчага чейин мыйзамсыз кадамдарга салкын көз салып жүрөсүз. Кийин бардык кылынып жаткан мыйзамсыз иштерге жооп берүүгө туура келет. Прокуратура, сот, күч органы мыйзамсыз кылган ишиңерге жооп бере турганыңарды унутпагыла.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости