www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачүйдүн тукуруусу астында Садыр Жапаровго күн-түн дебей жалаанын жамгырын төгүүдө. Мисалы, кишини барымтага алуу беренеси. 2013-жылдын 8-октябрында Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун гүбернатору Каптагаев кимдир-бирөөлөр тарабынан барымтага алынган.

Ал окуя боюнча негедир арадан 3 жыл өткөн соң гана 4 бала кармалып келип, 9–10 ай УКМКнын зынданына салынып, бийлик тарабынан зомбулук менен Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алуу аракеттери көп жолу кайталанган.

Белгилей кетчү нерсе, кармалгандар зынданда жаткан кездеги 7–8 айдын ичинде эчтеке таба албаган тергөөчүлөр аларды болгону 3 же 4 жолу гана суракка алышкан. Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө бермейин, жаш өмүрүңөр кор болуп жата бересиңер деп зомбулук көрсөтүшкөн.

Эң негизги айта кетчү нерсе, барымтага алынган жана негизги жабырлануучу деп эсептелген Каптагаев соңку 10 айдан бери кан какшап, сайрап келе жатат ай “мени Садыр Жапаров барымтага алган жок, зомбулук көрсөткөн жок, өлтүрөм деп коркуткан жок, мага карата бейбаштык кылган жок, ал күндөрү мен Жапаровду көргөн да эмесмин” деп интернет булактарында жарыя кылгандыгына карабастан, Ачүйдүн тукуруусу менен УКМКнын тергөө башкармалыгы саясий өч алуу максатында камалган азаматтар менен кошо Садыр Нургожоевичке карата да укуктук көтөнзордук аракеттерин жанталашуу менен улантууда. - деген пикирин билдирди экс-депутат Нооманжан Аркабаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости