www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Дайырбек мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бүгүн журналисттердин байлык, мүлкүн ачыктап чыгыш керек деген демилге көтөрдү, буга кандай карайсыз?

- Мисалы мен мүлкүмдү ачыктаганга даярмын. Анын эч кандай жаман жагы жок. Акылбек Жапаров өзүнүн байлык-мүлкүн, киреше булагын дагы ачык көрсөтүшү керек. Себеби, ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген. Анын өзүнө таандык "Damas" деген мейманканасы бар экени айтышат. Аны кайсы кирешесине курганын бизге айтып берсин. Ал тургай "долларовый" мультимиллионердин деле андай имараты жок.

Эске сала кетсек бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында, "Бир бол" партиясынын депутаты Акылбек Жапаров, "ар бир журналист, басылманын ээси бир тыйынына чейин элге отчет бериши керек. Буларды ооздуктабаса, ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап коюп жүрүшөт", -  деген пикирин айтып, журналистердин байлыгын ачыкка чыгарууну айтты.

Бул пикир менен Акылбек Жапаров акылдуулугун билдирдиби же, өз мезгилинде "койлорго паспорт керек" деген демилгени көтөрүп чыкканда журналистердин кагуусуна көбүрөөк калганбы, айтор бүгүн Акылбек мырза акылын ортого салды. Кантсе дагы сандарды семичкедей чаккан, салыштыруусу эксперттерден өткөн, учурдагы депутаттын көтөрүп чыга турган темасы бир аз олдоксон болуп калдыбы же чынбы аны убакыт көрсөтөт. 

Баса, чын эле Акылбек Жапаровдун көк тиреген имараттары кайсы акчага салынды экен. Анткени, өзүнүн күркүрөп иштеп турган завод-фабрикасы болбосо деген ой жаралат. Мүмкүн "аташкабызга" жагынуунун бирден-бир жолудур.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости