www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл журт жок жоготтум таап алгандар болсо мага кабарлап койгула!
Бабанов Өмүрбек Токтогулович деген кишини жоготтум билишимче ал киши парламентте депутат болуш керек эле. Акыркы жолу 7-декабрда жолуктум эле. Издеген себебим ошол жолугушууда Бабанов мага убада берип кетти эми ошол убадасын өзүнө жолугуп кайра берип коёюн дедим эле, көгөрүп кетмей болду. Ал убадасын сатып жиберейин десем өтпөй койду “конкуренция” чоң экен. Элдин баарында эле бар окшойт кээ бирлери “оптом” беребиз деп да жүрүшөт. Алтындарым ошол кишини көрүп калсаңар айтып койгулачы алып кетсин убадасын ошол эле бойдон жапжаңы турат, эч ким аткарып же пайдаланган деле жок.
Башчылар бизде майда экен,
Башымдан чыгар айла экен.
Баарына берген убада,
Бабанов мырза кайда экен.
Аткананы тазалап,
Сугарып атты чакалап.
Жал-куйруктуу тулпарды,
Жүрөбү Өмүш такалап, - деген пикирин Темирлан Ормуков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
https://www.facebook.com/profile.php?id=100007259565515&hc_ref=NEWSFEED&fref=nf
Булак: NazarNews.kg