www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу президент мырза! Салт билген, нарк билген киши көңүл айтканда алгач өлүм, же кырсык болгон күнү жөн турат акыл айтып, кыйын болбой. Акылды, жемени беш алты күн өтүп, кичине кайгырган адам кайратына келе түшкөндө айтат. Анан да, менин апам менден мал аяган эмес, силер малыңарды балаңардан артык көрөт экенсиңер деп балпылдабай, этияттап айтат. Адамдар аза күтүп турушат, кудайдын апааты деле жетишет аларга. Тууган күйдүрүп айтат дээрсиңер, тууган күйдүрүп айтканда мындай учурда табалагансып күйбөгөн жерди күйгүзүп айтпайт.

Эске сала кетсек, бүгүн 29-апрелде каза болгондорго президент Алмазбек Атамбаев Кайрылуу жасаган. Кайрылууда: 

Президент Алмазбек Атамбаев Зергер айыл округунун Аюу айылындагы каргашага байланыштуу жарандарга кайрылуу жасады

“Бүгүн Кыргызстанда, тилекке каршы, кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районунда кичинекей айылды, он чакты үйдү басып калды. Жетөөсүндө киши жашап жаткан дейт. Бирок, баарынан кейиштүүсү, эки-үч күн мурун барып, көчкүлө десе укпай, “көчпөйбүз” деп, ошол жакта жашаган биздин мекендештерибиз такыр болбой коюптур да.

Мына бүгүн биометриялык жаңы паспортту жасай турган жерге келип, эскисин, жаңысын көрүп жатабыз. Албетте, тилегибиз дагы жакшы: жакынкы жылдарда, үч-төрт жылдын ичинде кыргыздардын саны жети миллион болуп калат, - деп.

Бирок  ушундай кайгы болду да. Мен деле айылда өскөм. Көчкүсү келбегендерди да түшүнөм. Жазында даяр жайыт турат, көчкүсү келбейт. Бирок, макул сен үйдүн кожоюну көчкүң келбесе, балдардын эмне убалы бар? Малдын башы балдардын башынан артыкпы? Малдын жаны баланын жанынан артыкпы? Ошол балдар аман калса, малын да сатып берет. Ишкер болот. Мүмкүн президент болмок ошол балдар.

Мекендештериме кайрылат элем. Малдын жанын, дүнүйөнү баладан өйдө койбосок. Анткени, ошол жерде көчкүсү келбей койгон, мүмкүн, чечимди кабыл алган чоңдору да - атасыбы, апасыбы, чоң апасыбы, бирок балдар кетип жатпайбы!

Балдарды кичине ойлош керек да. Баш аман болсо, мал дайыма табылат. Мен деле кембагал үй- бүлөдө чоңойгом. Апам жалгыз коюн аячу эмес.

Эсимде бар, апам менен атам  мен окууну бүтүп келсем, жалгыз кою калыптыр, ошону союп берген түлөө кылып. Балдар аман болсо, жан аман болсо, табылат го баардыгы, урматтуу менин мекендештерим!  Кудайдан корксок.

Өзүң жашагың келбесе, малды өзүңөн артык көрсөң, балдардын эмне убалы бар! Басып калган үй-бүлөлөр ошо малын ала кетеби? Мүлкүн ала кетеби? Мына кээ бирөөнү көчкүнүн алдынан чыгара албай жатабыз. Аларга мүлк эмес 8 метр бөз буюрбай калып жатат орогонго.

Анткени кээ бирөөнүн жасатын таппай атабыз. Момундай кыйынчылыктар бүт дүнүйөдө болуп жатат.  Эми кичине Кудайдан коркуп, сабыр этиш керек да. Кайрылат элем билип туруп, көчпөй жаткандарга: балдарыңардын, жакындарыңардын убалынан корксоңор, Кудайдан корксоңор!” - деп жазылган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости