www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районундагы жер көчкүнүн алдында калгандарды 400дөй куткаруучу издеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, алардын 300дөйү атайын кызматтардын куткаруучулары жана калганы жергиликтүү тургундар.

Түшкөн көчкүнүн көлөмү 1 млн.дон ашык куб метрди түзгөн. Бийиктиги болжол менен 10 метрди түзөт. Куткаруучулар анын 3-4 метрин казышты. Азырынча сөөктөр чыгарыла элек. Бирок көчкү алдында калган 2 автоунааны алып чыгарышты. Учурда оор техника эмес, кол менен казуу иштери жүрүүдө.

29-апрель күнү саат 06:40 чамасында жүргөн көчкү 11 турак үйдү басып калган. Анын төртөө жаңы салынгандыктан, эч ким жашаган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча болжол менен 24 жаран көчкү алдында калып калышкан: алардын 2өө эмгек ардагери, 11и орто курактагылар, 6 окуучу жана 5өө мектепке чейинки балдар.

Куткаруучулар кооптонуу жараткан жерде жашашкан 30 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү үчүн 5 орунду 30 даана жайкы чатыр тигилип, 30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдары жеткирилди.

Канча чыгым тартылганы тууралуу азырынча маалымат жок.

Кырсык болгон жерде ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков, ӨКМ министри Кубат Боронбаев, Ош облусунун жетекчиси Таалай Сарыбашев жана башка бийлик өкүлдөрү барышты.

Эске салсак, Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында 29-апрель күнү таңга маал жер көчкү жүргөн. Бул турак үй ээлерине толук бир ай башта коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча эскертүүлөр берилгенин ӨКМдин маалымат кызматы тастыктады.

Асанбек Пазыл

Булак: Ынтымак

Последние новости