www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек Кызыл Туу Ордендүү, Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты, БУУнун адистештирилген ири мекемелеринин бири болгон – ЮНЕСКОго  ассоциацияланган    мектептеринин мүчөсү   № 17-кесиптик лицейде жыл сайын салттуу өтүлүүчү мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн  «Ачык эшиктер» күнү болуп өттү. Ага орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү, окуучулар, алардын ата-энелери, иш берүүчүлөр, тигүү ишканаларынын жетекчилери, шаардагы №21, №35, №85-мектептердин жетекчилери, шаардагы №18, №92, №94-кесиктик лицейдин жетекчилиги, өнөктөштөр жана каалоочулар катышты. Лицейдин устаттары катышуучулар үчүн атайын мастер-класс өткөрүп, окуу жайдын  окуу мастерскойлору менен тааныштырды.

Ошондой эле окуу жайдын окуучулары тарабынан даярдалган заманбап улуттук колориттеги, традициялуу эмес, униформа, аялдардын жана эркектердин сырткы кийимдеринин көрсөтмөсү тартууланды. Аталган кесиптик лицейдин жетекчиси Иноват Ниматова эмгек рыногунун  талабы – женил өнөр жайында өтө муктаждыкты талап кылып жаткандыгын белгилеп, учурда лицейдин 170тен ашуун окуучулары шаарыбыздагы ар кандай тигүү ишканаларына өндүрүштүк практикага чыкканын айтып, лицейдин бутүрүүчүлөрү жүз пайыз иш менен камсыз болорун айтып өттү. Ачык эшиктер күнүнө жалпысынан 400дөй адам катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости