www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атагы ааламга, даңазасы далайга кеткен Сулайман тоо тууралуу көп эле айтылып, көп эле жазылса да анын ыйыктыгы, жашыруун купуя сыры ушул мезгилге чейин адамдарды таң калтырып келет. Сулайман тоодо бир нече ыйык жайлар бар. Алсак, "Бел ташка" бели, бөйрөгү ооруган адамдар жети жолу сыйгаланып түшүшөт. Ден соолугу начар, жашы өтүп калган адамдар да үч же бир ирет сыйгаланууга тийиш. Бул жерде так сандагы сыйгаланууга абдан чоң маани берилет. Абалтадан эле андан шыпаа тапкандар көп болгон. Ал эми "Кол таш" деп аталган жайга сыйынганы келгендер ага ооруган колун салып, ичинен купуя тилегин айтышат. Жакшылап назарын койгон, көңүлүн берген адам манжаларынын учу чымырап, бир кызык абалда калганын сезет. Ак эмгеги менен табылган акчасына чын дилден береке тилеп сыйынса, үйүнө киреше кирет. 

"Бешик эне" деп аталган жайга балалуу болбой жүргөн келиндер, анын жакындары көп келишет. Андагы бешиктин терметкичин элестеткен көзөнөк ташты эки колу менен кармап, майдайын ага тийгизип, тилегин ичинен айтат. Бул дүйнө-өмүрдө көп жылдар наристе жытына зар болуп келген аялдардын "Бешик энеге" келип сыйынгангандан кийин тилеги кабыл болгон мисалдар көп. Кыз-келиндер, жалпы эле аялзаты үчүн сыйынчу жайлар - Умай эне жана кыз үңкүрлөрү. Бул жерге келгендер аялзатына тиешелүү болгон өзүлөрүнүн аруу тилектерин айтып, жараткандан анын ишке ашыруусун суранышат. 

Ал эми эркек адамдар сыйынчу жай "Кырк чилтен" деп аталат. Элдин түшүнүгүндө бул үңкүр жигит пири - Шаймерден түнөп кеткен ыйык жай. Жоокерчилик заманда жигиттер жортуулга аттанар алдында сөз жок сыйынчу деп аталат. Непада, ага маани бербей, же катуу шашып бул жайга кайрылбай кеткендердин жортуулдан жолу болбой калган мисалдар көп айтылат эл арасында.  "Тамчы тамаар" үңкүрү жаңы барган адам үчүн абдан таң калыштуу, сүрдүү да, табышмактуу да. Аерге кирчү жол өтө кууш. Бир адам араң батчу тар жол менен анын төрүнө сойлоп барасың. Ала барган шамды жакканыңда, анын ичинен ачылып турган китеп сыяктуу ташты көрөсүң. Арап тилин билген аалымдар аны ыйык куран китебиндеги "Аятолл курси" аятынан үзүндү бар экендигин чечмелеп беришкен. Дагы бир таң калыштуусу, сыртта күн чакчайып, мээ кайнаткан ысык болуп турса да бул жердеги температура +14, +15 градустан ашпайт. Жазында үңкүрдүн төбөсүнөн тамчы таамп турат. Жай мезгилинде анын боорун сыйпасаң, кол нымдалышып чыгат.  ХVI кылымга таандык архитектуралык эстеликтин үлгүсү болгон Улуу моңолдор династиясынын негиз салуучусу, акын жана философ Захриддин Мухаммат Бабурдун үйүн жергиликтүү эл "Сулайман тоо мечити" деп айтышат. Ага барган сыйынуучулардын суранычы менен мечиттин ичинде олтурган молдолор рухтарга арнап куран түшүрөт. 

Сулайман тоого сыйынганы келгендердин саны көп экендигин ыйык деп саналган жайлардын адамдын басканынан улам жылтырап, сыйгалак болуп калгандыгынан сезүүгө болот. Качан көрсөң, бул жерден адамдын аягы үзүлбөйт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости