www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурунда Өзгөчө кырдаалдар министри, БШКжетекчиси кызматтарда иштеген Мамбетжунус Абылов экс-министр Мелис Турганбаевди 2014-жылы сотко берген, акыры ошого чекит коюлду. Бишкектин Свердлов райондук соту үч жыл кармалган арызды канааттандырды. Кечеңдеген чечимге ыраазыбы же нааразыбы деп коомдук ишмер Мамбетжунус мырзага кайрылып, башка суроолорубузга да жооп алдык.
--Свердлов райондук соту Мелис Турганбаевге карата доо-талаптарыныңызды жарым-жартылай канааттандырып, моралдык чыгым катары сиз сураган 1 млн сом эмес, 5 миң сом өндүрүүнү чечиптир. Мындай чечимди эмнеге кечеңдетти деп ойлойсуз?
--Менин доо арызымды сот үч жыл бою тескегени кашкайган чындык. Качангана Мелис Турганбаев министрлик кызматынан кеткендей кийин, сот менин пайдама чечим чыгарып, аны 5 миң эле сомго доого жыкты. Ушундай сумманы чыгарышыптыр, эмне кылабыз? Өздөрү билет да. Мен Турганбаевди доого жыгып, андан акча өндүрүп алуу максатта сотко кайрылган эмесмин. Өз абийиримдин тазалыгын сот аркылуу далилдеш үчүн гана кайрылгам. Себеби, “кылмышкер” деп атоого сот гана укуктуу. Бул милициянын, прокурордунже президенттин укугу эмес. Тилекке каршы, “кылмышкер” деген бүтүмдү сот эмес, оозуна алы жетпеген бийлик өкүлдөрү жарыялап жатышпайбы...Биздин өлкөдө укук маданияты өтө төмөн.
-- Бийлик соттун эмес, сот бийликтин көзүн карап калбадыбы! Андыктан сотко деле ишенич болбой калды, сиз кандай дейсиз?
--Соттор тууралуу оюм жогору деле эмес. Ошол эле учурда мен аларды күнөөлөгөндөн да алысмын. Себеби, өлкөдө сот реформасы формалдуу жүргөндүктөн, сот өз алдынча укукка ээ боло элек. Сотту эл эмес, бийлик кызматка дайындап жаткандан кийин, албетте, алар кызматынан четтеп калбаш үчүн бийликтин айтканын кыла берет. Анткени,ар бир кесипкөй адам иштеген иши менен гана үй-бүлөсүн бага алат.
Сотко кайрылайын деген ниетим жок болчу, мени ал жакка кайрылууга Бишкек шаарынын ошол учурдагы ИИБнинжетекчиси, андан сон, ИИМ министри болгон Мелис Турганбаев мажбур кылды. Эмне себептен соттошконубуз түшүнүктүү болуш үчүн мен башынан айтып берейинчи. Эсиңиздерде болсо керек, кыргыз калкынын мандай тери эмгеги менен куралган газ тармагы, тагырагы, анын өлкөбүздүн бардык аймактарындагы жерлерин, өндүрүштүк мекемелерин, элге өндүрүштүк мекемелерге жеткирип туруучу газ түтүкчөлөрүн, насос станцияларын ремонттук, административдик базаларын, эс алып, денсоолук чыңоочу турак жайлардын, мындайча айтканда, миллардаган баага татыктуу өлкөнүн газ тармагын биздин бийлик Россиянын “Газпром” аттуукоманиясына 1 эле америка долларына сатыпжиберишбеди беле. Анан дагы бир Россиянын “Нефтегазпром” деген мекемесине ошол эле принципте өлкөбүздүн жападан жалгыз эл аралык “Манас” аэропортун да сатабыз деп бийлик билдирүү жасаганда, УОК (улуттук оппозиция кыймылы) “Манастан” колуңду тарт, орустарга бербейбиз!” деген ураан менен Бишкек шаарынын М.Горький паркына митинг уюштурганбыз, анан “Манас” аэропортуна көз арткан Россия компаниясынын жетекчиси И.Сечин “Биз “Манастан” баш тарттык!” деген. Кыскасы, бийлик каралап жаткан оппозиция “Манасты” ошентип өз элине алып калган. Ошол учурдагы митингге катышып жаткан элдин коопсуздугун сактоо үчүнкомендант милдетин УОК мага жүктөгөн. Себеби, мурда Өзгөчө кырдаал министрлигинин министри болуп иштегениме байланыштуу ишеништи. 2005-жылы да митинг учурунда митингге чыккан эл мени комендант кылып шайлаган. Ошол жылдагы митингде, бир да адам өлбөй, Аскар Акаев өлкөдөн качуу менен аяктаган. Элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча тажрыйба бар үчүн, кийинки митингде да ишеним көрсөтүштү да. Мага жүктөлгөн милдетти натыйжалуу аткаруу үчүн, мен Бишкек шаарынын ошо кездеги ИИБ жетекчиси Мелис Турганбаевге “митингге чыккан элдин коопсуздугун милиция менен шериктеш болуп, камсыз кылуу үчүн” деген ниетте кат жазып, келишимди тиркеп жөнөткөм. Ошол келишимди талкуулап, кол койгондун ордуна, бийликке кошомат кылып, “мен комендант болуп шайланган кылмышкер адам менен иш алып барбайм, кол койбойм!” деп журналисттерге жарыялады. Ал эле эмес, “Кылмышкерлерден турган оппозицияны ээрчибегиле!” деген сөзүн ММК аркылуу элге таратты. Бу сөз мага аябай эле оор тийди. Бирок, мен ага карабастан, митингди тынч өткөрүүгө жетишип, “Манас” аэропортун кыргыз элине кайрып, сактап калууга өз салымымды коштум. Ал эми бийлик болсо, андагы оппозицияны каралаган Мелис Турганбаевди ИИМ министри кылып дайындады. Митинг бүткөндөн кийин, Турганбаевди сотко бердим. “Менин кылмышкер экенимди соттон далилдеп берсин! Эгер далилдей албаса, анда 1 млн. сом доого жыгылып, ал акчаны Бишкек шаарындагы Карылар үйүнө которуп берсин!” деп кайрылгам.
--5 миң сомду Карылар үйүнө качан алып барып бересиз?
-- Аны мен эмес, соттун аткаруу органы өткөрүп койсо болот. Себеби,мен Мелис Турганбаевди сотко бергенде, атайы Карылар үйүнө барып, алардын эсеп-кысабын алып келип, сотко расмий түрдө тапшыргам.
-- Мелис Турганбаев менен мурда-кийин мамилеңиз бар беле?
--Жок, мен аны мурда көргөн да, билген да эмесмин. “Буга ишенбегиле, бу кылмышкер адам!” деп ушак тараткандан кийин тааныдым. Бул ушак кайдан чыкты, ошону айта кетейин?! Мен Түркияда элчи болуп турганда, биздин өлкөнүн Анкарада жайгашкан элчилиги иштей турган имаратты куруу үчүн мага “ал имараттын долбоорун даярдап, Өкмөткө жөнөтүлсүн!” деген андагы өлкө жетекчиси И.Чудиновдун токтому чыгат. Ал долбоорду Түркия өкмөтүнүнТышкы иштер министри каржылагандыктан, мен ал долбоордун эскизин чу дегенде эле биздин Тышкы иштер министрине жөнөткөм. Министрдин “жактырылды” деген бүтүмү колума тийгенден кийин, “ал эскизден долбоор түзүүгө уруксат берилди” деп Түркиянын Тышкы иштер министрлигине кат жөнөттүм. Ошол долбоордун эскизин жасаган, лицензиясы бар Түркиянын бир компаниясы жана биздин элчиликтин көзөмөлү менен долбоорду бүтүп, ага талап кылынуучу экспертизалардан өткөрүп, “эми имаратыңарды кура берсеңер болот!” деп элчиликке долбоорду өткөрдү. Мен болсо ал долбоорду кыргыз Өкмөтүнө жөнөттүм. Ушунун баары бүткөндөн кийин, Өкмөт башчы И.Чудинов долбоор түзүп, “Өкмөткө тапшыргыла!” деген өзүнүн мурунку токтомун жокко чыгарбай туруп, бул долбоордун ордуна “кыргыз тарап даярдаган башка эскизди долбоорго айландыргалы!” деп мага тапшырма келди. Анан мен аны Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жолдосом, алардан мындай жооп келди: “Биз бул долбоорду каржылап, бүтүргөнбүз. Эгер биз даярдаган долбоор кыргыз тарапка жакпаса, өзүңөрдүн долбооруңарды өзүңөр каржылап, анан аны биздин экспертизадан өткөргүлө!”. Анан мен кызматтан кеттим. Оппозицияга аралаша баштаганымда, Бишкек ШИИББ ушул долбоор боюнча мени күбө катары чакырып, маалымат сурады. Болгонун болгондой айтып, анан И.Чудиновго кабарладым. Себеби, Бакиевдер качып кеткенден кийин, Чудиновго карата ар кандай кылмыш иши козголгон. Аны билсин деген ниетте, ага менде болгон документтердин көчүрмөсүн тапшырдым. Ошондогу күбө катары чакырылганым боюнча Мелис Турганбаев туура эмес маалымат тараткан, “кылмышкер катары чакырылган” деп.Жалган жарыя тараткан үчүн мен аны сотко берип, утуп алдым.
--Соттон утуп алгандан кийин, адамдын ою өзгөрөт го. Бүгүнкү бийликке кандай көз карашта калдыңыз?
--Бийликтин иш аракетине ыраазы болсом, оппозицияда жүрүп, бийлик өкүлдөрү менен соттошпойт элем да.
--Сиз деле кечээ эле жакшы кызматтарда жүрдүңүз. БШКнын жетекчиси болгонсуз. Президенттик шайлоону БШК таза өткөрүп бере алабы?
--Алгач “шайлоого барасызбы?” дебейсизби? Мен шайлоого барбайм! Себеби, адам эмес, акча гана роль ойногон шайлоо эч качан таза өтпөйт! Мен БШКнын мурдагы жетекчиси катары айтып жатам.
--Демек, сиздин учурда деле БШК иштери таза болбоптур да?..
--Таза болгон. Тагырагы, биз иштеп турган учурда, мынчалык ыплас нерселер болчу эмес жана болгон эмес!
--Президенттик тактыга ат салышууга айрымдардын аты атала баштады. Ким татыктуу деп ойлойсуз?
--Президенттикке татыктуу инсандар бар. Бирок, өкүнүчтүүсү – президенттик шайлоого капчыктуулар гана катыша алат.
Назира Жакшылыкова
Булак: NazarNews.kg