www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уу коргошун» боюнча билгениӊер деле, билбегениӊер деле сунуштап жазып жатасыӊар. Мындай пикирин бүгүн, 20-апрелде журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Уу коргошун» боюнча билгениӊер деле, билбегениӊер деле сунуштап жазып жатасыӊар. Толук изилденбеген уу чөптүн тамыры жөнүндө айтууда, ал кимдир бирөөнүн өмүрүн алып кетиши мүмкүн деген жоопкерчиликти дагы ойлоно жүрсөӊөр!

Сыноо кандайча жүргүзүлдү?

Мисалы, «уу коргошун» коронавируска жакшы болгону менен, сахары бар адамга, кан басымы жогору, каны аз адамга, өпкөсү ооруган бейтапка ж.б оорулуу адамдарга кандай таасир этиши мүмкүн? Бул боюнча кандай жооп айта аласыңар, атайын изилдөөнүн протоколу барбы?

Элдик медицина, ата-бабаларыбыз ушуну колдонгон деп аргумент катары айтып жатасыӊар. Ал убакта айла жоктун иши болчу да! Мисалы ата-бабам буудай кууруп жеген, чокой кийген, төшөктө эмес, териде биттеп жаткан. Ата-бабам кылган деп, эмне баарын кайталаш керекпи?! Бүгүн, «24.kg» сайты «уу коргошунга» ууланып оор абалда ооруканага түшкөн бейтап боюнча маалымат жазды.

«Согушта баардык ыкма жакшы», - дейт. Коронавирус деле ошол согуштай эле, ага каршы эч ким дабаасын таба элек. Кыргыз медицинасы, биздин урматтуу министрибиз дагы вакцина табуу аракетин көрүп, өзү дагы ичип, башкаларды үгүттөп жатат. Кайдыгер эмес аракетине ыраазычылык билдирели, бирок шашылыш, адамдарды эксперимент кылууну кое турбайлыбы? Ким жоопкерчиликти керт башына алып макул болсо, алар иче берсин.

Балким, айрым адамдарга «уу коргошун» жардам бериши мүмкүндүр, бирок баарына эле тегиз жардам берет деп ойлобойм. Так изилдөө боло элек нерсени, бейтаптын уруксаты жок ага ичирип, сыноо жүргүзгөндү кое турбайлыбы?!», - деп белгилеген Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости