www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1. Кемпир-Абадда Өзбекстанга бериле турган 50 гектар жер бийиктик экен. Ал жерди аскерий тилде “стратегиялык бийиктик” дегенге болот. Анткени ошол дөбөдөн бүтүндөй Кара-Суу, Өзгөн, Ош тарап алаканга салгандай көрүнүп турат экен. Ошондуктан ал жердин мал чарбачылык эле эмес (эл мал багабыз, кой жаябыз деп жатпайбы), аскерий да мааниси бар. Эл муну инстиктивдүү түрдө түшүнүп, абдан каршы туруп, сактап калууга далаалат жасап жатат.
2. Сугат маселеси. Кемпир-Абаддын чөйчөгү, суу астындагы жер Өзбекстанга өтүп жатат. Өзбекстан эгемен мамлекет катары ал жерге айланта тосмо кура алат. Ошондуктан келечекте ошол айланадагы айылдардын мал-жанын сугаруусу, балыкчылык кылуусу, суу сактагычтын суусун пайдалануусу мүмкүн эмес болуп калышы толук мүмкүн. Андай болбойт дегенге кепилдик жок. Аны К.Ташиев өзү да моюндады. Ошондуктан бул маселе келишимде абдан кылдат каралып, суу сактагычтын суусунан кыргызстандыктардын колдоно алуусуна кепилдик берилиш керек.
3. Камчыбек Ташиев видеодо “өзбек тарап 100 гектар жер сурады, мен макул дедим. Анан адистер ал жерде чек ара бекеттери бар экенин, берүүгө болбостугун эскерткенден кийин 50 гектар бермек болдук” дегени чек ара боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр кандай болгон? Булар ойлонбой, акылдашпай, эсептешпей эле бере беришкенби? Деген күдүк ойлорду күчөттү. Эл ичинде шекшинүү, ишенбөөчүлүк абдан көбөйдү. Бул чоң катачылык болуп калды.
4. Гавасайга Кыргызстан да, Өзбекстан да ээлик кылууга умтулуп келген. Ошондуктан ал жерден мынча жер алдык деп айтыш туура эмес. Ал жер, бери дегенде, мындай бөлүштүрүлдү деген туура болот...
5. Негизи албетте, чек ара чечилиш керек. Өзбекстан менен жакшы мамиледе болуш керек.
Айданбек Акматов, эркин журналист