www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Украина ортосундагы кырдаал тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасына пикирин билдирди.
"Америка дүйнөгө кыргын салып, кырылган тарапты террорчулар деп коет болчу. Каалагандай мусулмандарды талкалап, кырып, кордошкон. Чыныгы агрессор, мыкаачылар өздөрү. Путин туура эле айтты, “босогобузга чейин кирип алышты, карап туралыбы?”, - деп. Азыркы согуштун режиссеру - АКШ, Зеленский болсо дагы деле роль ойноп жатат. Канчалык маалыматтык манипуляция кылып, маалымат согушунда утуп жатканы менен, иш жүзүндө талкаланып жатат. Согуш Зеленскийдин үйүндө жүрүп жатпайбы?
НАТОдон көңүлү калбайт экен. Украиндердин кырылганына көз салып гана турушат, үмүт берип коюп. Моралдык гана колдоо көрсөтүп, экономикалык санкциялары менен. Зеленский кинодогу эйфориядан, соцсеттеги пиардан чыгып, Путин менен сүйлөшүп, элин сактап калыш керек. Клоунга баары бир, карапайым эли азап чегүүдө", - деп жазат Орунбеков.
Чындыгында дүйнө эли эки жаатка бөлүнүп, бири Орусияны күнөөлөсө, экинчиси Зеленскийди айыптап, кантсе да согуш аракеттери тезирээк жыйынтыкталса деп күтүп жаткан убагы.
Булак: NazarNews.kg