www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы согуштан качып бозгунга айланган адамдардын саны 6-мартка карай бир жарым миллионго жетери күтүлүүдө.
Өлкөдөн чыгып кеткендер Румыния, Польша, Словакия, Чехияда баш пааналашса, он миңдеген киши Украинанын ичинде жер которууга аргасыз болду.
Улуттар уюмунун Качкындар агенттиги июлга чейин бозгундардын саны 4 миллионго жетиши мүмкүн деп болжолдойт.
Ишембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Польшанын чек арасында топтолгон украиналык качкындардын абалы менен таанышып, Вашингтон гуманитардык кризисти жөнгө салуу үчүн 2,75 миллиард доллар бөлүүнү караштырып жатканын билдирди.
Жекшембиде Николаев жана Чернигов шаарлары үчүн айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланды.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди.
Он күндөн бери Украинанын дээрлик бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуул Киевге жана Харьковго жасалды.
Салгылашууда жүздөгөн адам каза болду, миллиондон ашык адам Украинаны таштап чыгып кетти.
Булак: NazarNews.kg