www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-майда Ысык-Көлдө болгон тынчтык митингине УКМКнын 9-кызматынын мурунку жетекчиси Дамир Мусакеевдин атасы сөз сүйлөдү.

Мусакевдин атасынын айтымында, ал көп жылдар боюу маңдай тери менен оокат кылып келген жана болгон мүлкүн ак эмгеги менен тапкан. Балам мага там сатып берген эмес, өз тамымды саман кирпич менен эле салып алгам. “Ооба, мен фирмада каролчу болуп иштегем. Ал менин үйүмдүн жанында болгондуктан ал ишке макул болгом. Бирок, мен өмүр бою айыл-чарбасы менен алектенип келе жатам. Мал кармайм, айдоо жерлерим бар жана мөмө бакчам бар. Жүздөй кой, ончакты жылкым бар”, - деп айтты ал.

Бийлик ага жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык басым жасап жатканын белгиледи. “Керек болсо менин Финполдо иштеген баламды да жумуштан чыгарып салышты. Ал Юридикалык Академияны бүткөн жана ишке тест менен мыйзамдуу орношкон. “Супермаркет” эмес, үйүбүздүн алдында эски сарайдын ордуна салган кичинекей дүкөнүм бар. Бийлик эмнеге ага каршы. Тескерисинче аймактарды өнүктүрүүдө, жергиликтүү жеке ишкерлерди колдоп, көмөк көрсөтүүсү керек да”, - деп айтты Мусакеевдин атасы.  

Булак:NazarNews.kg

Последние новости