www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин шайлоо округунан утуп чыккан Дамира Ниязалиеванын добуштары жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамда так жазылган.

Учурда Дамира Ниязалиева добуш сатып алууга шектелип, кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат.
Ниязалиева өзү бул айыптоолорду каралоо аракети катары баалоодо. 

Шайлоо мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык, талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же ага катышуу фактылары далилденгенде ага берилген добуштардын баары жараксыз деп табылат.

Ал эми 37-берененин 6-бөлүгүндө эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, мыйзамга ылайык БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарууга тийиш. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.

Дамира Ниязалиева 28-майда өткөн №26 Ленин округундагы шайлоодо 35,83% алып, шайлоочулардын 3/1 бөлүгүнөн көбүрөөк добушка ээ болгон. Демек, мыйзам боюнча шайлоо жокко чыгарылышы керек. 

Белгилей кетсек, былтыр Свердлов шайлоо округунда дагы ушундай окуя катталган. Анда биринчи орунду ээлеген Абдурахманхаджи Муртазалиев шайлоочуларды сатып алууга айыпталып, алган добуштары жокко чыгарылган. Бирок анын добуштары 19.52 пайызды түзүп, жалпы сандын үчтөн бир бөлүгүнө жетпегендиктен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан эмес. Натыйжада экинчи орундагы Шайлообек Атазовго мандат берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости