www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуу, профессор эл аралык деңгээлдеги форумга барып кыргыз улутун шылдың кылып, келекеледи. Бул тууралуу депутат Камила Талиева бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Тарых илимдеринин кандидаты, Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда кафедра башчысы Айнура Жоробекова кыргыз элин шылдың кылып келди", - деди эл өкүлү.

Депутат Талиева анын форумда сүйлөгөн сөзүн окуп берди:

"Медиа боюнча толук Борбор Азия үчүн жооп бере албайм, бирок бизде орус тили расмий тил катары Баш мыйзамда жазылган. Кыргызстандын 90% аймагына спутник таркайт. Кыргыз жана орус тилинен билим берген мектептер дээрлик тең чамалуу. Улуттук "крокодилдердин" каалоосуна каршы ЖОЖдордо орус тилинде окутуу жүргүзүлүп келет", - деди депутат.

Камила Талиева улутка шек келтирип жаткан окумуштуулар окуу жайда иштебеши керек жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деди. 

Ал эми, төрага Нурланбек Шакиев бул боюнча иликтөө жүргүзүлөөрүн билдирди. 

"Башкаларга сабак болуш үчүн ал жоопкерчиликке тартылат деп ойлойм", - деди төрага Шакиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости