www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көөдөнү чоң Көтани сыяктуу талапкерлер жел соксо учуп кетчүдөй абалда каякта калганын ким билет, 2023-жылдын  28- майында өткөн шайлоого эл өтө аз келди. БШКнын маалымдашынча,125 908 шайлоочунун 17 миң 425 гана келген. Башкача айтканда, болгону 13,95% гана катышыптыр. Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округунан 30 талапкер катышып Дамира Низалиева 6242 добуш алып жеңген. Бирок, анын жеңиши күмөн жаратып, Низалиеванын үгүттөөчүлөрү акча таратып жатканы тууралуу маалыматтар тарап, БШК бул жагдай иликтенип жатканын билдирген. 

Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамина Ниязалиевага карата добуш сатып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, тергөө Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө: "Эгер тергөөнүн жүрүшүндө талапкер Дамира Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптоо үчүн тийиштүү далилдер аныкталса, укук коргоо органдары талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн БШКга кайрылуусу керек, анткени мыйзамга ылайык, парламенттин депутаттыгына талапкер иммунитетке ээ болот", - деп кошумчалады ал. Анын маалыматына караганда, милициянын кайрылуусунан кийин БШК чечим кабыл алат.

Буга чейин болжолдуу түрдө депутаттыкка талапкер Ниязалиева У.Р. аттуу адам менен үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулаган видео тараган. Алдын ала жыйынтык боюнча Дамира Ниязалиева Ленин бир мандаттуу округунан шайлоодо жеңген. Аталган округдан 124 миң 908 шайлоочу катталып, бирок добуш берүүгө 17 миң 423, же жалпы шайлоочулардын 13,95%ы гана катышты. Дамира Ниязалиевага 6 миң 242 адам добуш берген. Бул катышкан шайлоочулардын 35,83%ын түзөт. Мына эми болсо, шайлоого адамдарды алып келүү боюнча Роман Уметбеков деген үгүттөөчү менен акча тууралуу сүйлөшкөнү тарап жатат. Сыягы, бул шайлоодо Низалиеванын жеңиши жокко чыга турган болуп калды көрүнөт. Мыйзам ушундай жерде иштебесе качан иштейт. 

Эгер, Дамира Ниязалиеванын мыйзам бузганы аныкталып, фактылар далилденип жеңиши жокко чыгарылса, 2070 добуш менен экинчи орунду алган Улан Сариев депутат болуп калышы мүмкүн. Себеби, шайлоону таптакыр жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөзгөнгө каражат керек. Ага караганда экинчи орун алганга мандат берүү каржы көйгөйүн жаратпайт. Анын үстүнө буга дейре Бишкек шаарынын Свердлов районунан биринчиликти алган Муртазалиевдин жеңишин акча тараткан деген кине менен жокко чыгарып, мандатын Атазовго алып берген мисал бар. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости