www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында “Йакын Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында “Йакын Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын Жалал-Абаддагы уюмунун төрт активдүү мүчөсү - 61 жаштагы У.М.Г., 46 жаштагы А.Т.М., 36 жаштагы. Ж.К.Т. жана 30 жаштагы И.М.К. кармалды.

Аталган ячейканын мүчөлөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны үгүттөө жана жайылтуу боюнча иш алып барып, муфтияттан эч кандай тиешелүү уруксат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкени аныкталды.

Ошондой эле диний көз караштардан улам, алар светтик жашоо образын таптакыр четке кагып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн жана башка медициналык процедуралардан өтүүгө тыюу салышкан.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында аталган адамдардын жашаган даректеринен “Йакын Инкар” кыймылынын диний-экстремисттик адабияттары табылып, алынган материалдар боюнча соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандардын бардыгы УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости