www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFC Валентина Шевченко менен Алекса Грассону үчүнчү ирет беттештирүүгө милдеттүү болуп калды. Бул тууралуу аталган уюмдун президенти Дана Уайт маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал туура эмес упай берген судьялардын бири мындай аракети үчүн сот жообуна тартылышы керек деген пикирде.

"Калыстардын бири 10-8 деген упай бергенин укканда бул жигит тергөөгө алынышы керек экен дедим. Өмүрүмдө мындай акылга сыйбаган жорукту көргөн эмесмин", — деди Дана Уайт.

UFC президенти дагы бир ирет реванш беттеш өткөрүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

"Биз муну жасайбыз, туура кадам болот", — деди ал.

Дана Уайт Невада штатынын атлетикалык комиссиясынын дал ушул чечим боюнча семинары өтө турганын белгиледи. Анын айтымында, бул өзгөчө турнирдин башкы беттештери үчүн абдан маанилүү. Уюм жетекчиси башкы беттештерде мыктылардын мыктылары гана күч сынашышы керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, 17-сентябрга караган түнү Лас-Вегаста UFC Fight Night 227 турнири өтүп, кыз-келиндер арасында эң жеңил салмактагы чемпион Алекса Грассо менен экс-чемпион Валентина Шевченко беттешкен. Беш раундга созулган таймаш тең эсеп менен аяктаган. Бул реванш беттеш болгондуктан UFC уюмунун чемпиондук куру 30 жаштагы мексикалык спортчуда калган.

Мелдештен соң Валентина Шевченко акыйкат беттеш болгондо жеңиш өзү тарапта болмоктугун билдирген болчу. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости