www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-сентябрда Сокулук районунун Селекция айылында 39 жаштагы эркек мурунку аялынын кулагын жана мурдун кесип салган. Жабырлануучу буга чейин анын үстүнөн зордуктоо боюнча арыз жазган, бирок кийин сотто аны кечирген. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына укук коргоо кызматкерлерине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын август айынын аягында ички иштер органдарына 1987-жылы туулган Н.А кайрылып, мурдагы күйөөсү 1984-жылы туулган Э.А. тарабынан зордукталганын билдирген. Аялдын айтымында, аны Күн-Туу айылындагы дүкөндүн жанынан кармап алып, зордуктаган.
Андан соң “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, СИЗОго киргизилген. Тергөө аяктагандан кийин иш сотко өткөрүлгөн. Бирок сотто жабырлануучу тарап тосмо арыз жазган.
Бир нече айдан кийин аял дагы бир жолу зордуктоо жана карактоо аракети тууралуу билдирген. Шектүү кайрадан кармалган. Бирок бул ирет да аял сотто тосмо арыз жазган.
Акыркы жолу аял 2023-жылдын 31-январында Селекция айылындагы батиринде кайрадан зордукталып, арыз жазган. Шектүү кармалып, СИЗОго киргизилген. Тергөөдөн кийин иш материалдары Сокулук райондук сотуна өткөрүлүп, анда пробация колдонуу боюнча өкүм чыгарылган. Бирок соттолуучу өкүмгө макул болбой, Чүй облустук сотуна кайрылган.
Эске салсак, 20-сентябрда Сокулук районунун Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аялды 39 жаштагы мурунку күйөөсү кулагын, мурдун кесип салган. Буга чейин деле үй-бүлөлүк зомбулук болуп келгени айтылат. Шектүү мурда соттолгон.
Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз республикасынын КЖКнын 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Бул окуя боюнча кылмышка шектүү болуп 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жабырлануучуга 8 саатка созулган операция жасалып, операциядан кийинки абалы орточо оор деп бааланууда. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө.