www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Согуштан алган жарааттардан Келдибек Койсары жана башка курорттордо дарыланып жүрөт. Алгач курортко барганын айтып калчу. Барсам эле капкара болгон врач айтат дейт, көрсө Иса Ахунбаев экен: «Сен бала дарыланганы келдиң беле, же тамак ичип, эс алганы келдиң беле? Ары –бери эле койколоңдоп баспай мындай мүмкүнчүлүктү кетирбей жакшылап дарыланып ал. Баткак десең баткак бардык шарт түзүлүп турбайбы?» деп. Он жыл сыртта жүрүп 1959-жылдын аягында башкарма болуп Кара-Сууга кайтат. Негизи Кара-Суу сегиз жылдык мектеп экен, Акылбек байке 8-класска чейин Кара-Сууда окуп,  9-10 классты Кочкордогу Калинин орто мектебинен бүтүргөн. Жанабил жөнүндө айтып калчу, велосипед менен барышчу экен, ал баш бербеген, тентек экен, мугалимдер менен кармашып, эмне кечигип келесиң деп асылганда күрөшө кетип, агайын жыгып салган да убак болуптур. Мунун себеби да бар Жанабил бир топ класс кийин окуса керек, даңкайып элдин барынан чоң болчу дейт, анан кежир сүйлөп турчу экен. Көп ирет сабакка барбайбыз деп азгырып да жиберчү экен.  Абдыке молдонун балдары башынан тың келген. Биз менен замандаш беш күрөң Абдыке молдонун уулу баласы Апан азыр Чүй облусунун аксакалдар Кеңешин башкарат. Учурунда чоң кызматтарда,  кыргыздын тоо –кен тармагын башкарып жүрдү. Абды Атаевдин бир кызын алса керек, андан Мукан төрөлүп Атаев багып алган. Мукан биздин Нуржанды алып ал да ажырашып кеткен. Негизи Мукандын балдары түбү Абдыкенин балдары экенин билеби? Анткени Апандын Мукандан башка эркек баласы жок. Бирок, өз атасы Апандыкына жолоп койбойт. Апандан кийинки балдары да Жыргалбек жаш кеттиЖанабил кийин суу бөлгөн жерде жашоочу, мени көргөндө Акылбек байкенин жоруктарын айтып, сүрдүү турган киши күлүп атып боору эзилип калчу. Жанабилди бир алдаганда Кененбай алдаптыр. Уйларын камап жатса, келиптир, ал кезде «жоолук» салынган аракты куюп сатчу, арак алып кел десе чапкан бойдон кетиптир. Бир кезде «жоолук» бөтөлкөнү көтөрүп келатат дейт. Уйларын чыгарып кетти. Жанабил байке жанында Кермалы агай бар жайланып отуруп, арак ичели дешсе, жөн эле суу экен. Кененбай алдап кетиптир. Дагы бир Кененбайдын Акылды алдаганы бар. Телевизору бузулуп калат, анан Акылга телевизорум бузулуп калды, оңдоп берчи, мантуу жасатып койойун дейт. Мейли деп Акыл кирип баратса мантуу казан отто турат. Телевизорун оңдоп чыкса мантуу жок дейт, жөн эле казанын отко коюп койуптур.

Токтогонов Нурдин жаңы келген жаш мугалим катары Акылбек байкемдер окуп жатканда Калинин мектебине келиптир, кийин Кара-Сууга келип, үй салып, өз жерин тапты.

Кара-Суу айылы алыскы тоолордон караганда төрт бурч болуп  стандарттуу салынган. Азыр анысы бузулса керек. Атам 1959 жылдары Кара-Сууга башкарма болуп келгенде айыл курулуп калган. Чорто ата үй куруп, өзү кой багып жүргөн экен. Келдибек ошолордун үйүнө кирет. Ал башкарма болуу менен катар эртели кеч үйүн кармайт. Асыкбек аксакалдын кирпичтерин тартып алууга ошол кезде бойго жетип бараткан уулу Акылбек менен  Кожо деген досу экөө ташыйт. Ошол мезгилде Рыбачы шаарында шпалдар көп болсо керек, үстү шпалдар менен жабылган деп айтып калчу.

Кожонун кирпич ташышканы эсимде деле жок, биз төрөлө элек болсок керек, аны кийин  1970-жылы Жаныбек төрөлгөндө көрүптүрмүн. Менин эстегенимдин себеби Сиезбек байке менен «роддомго» барганбыз, жеңем экинчи этаждан көрсөткөнү эсимде. Анан чыгарышып «тойчик» өткөзгөнүбү  Асек Момунгазиев, Данияров Кожо деген теңтуштары келгенин чала-була эстейм, дагы көп жигиттер келген аларды эстебей калдым.

Асек Момунгазиевдин ал кезде даңкы чыгып калган кез. Кыргыз эстрадасында Асанкул Шаршенов менен Асек Момунгазиев экөө эле бар болчу. Асек байке айтып атпайбы күрөшкө түшүптүр. Караса эле даңкайган неме экен, шап эле бутунан алып чапты дейт. Далысы тийбей калыптыр, кайра басып жыгылыптыр, эптеп алдынан чыгып качып баратам дейт, турсийим эле калыптыр деп. Асек байке республикадагы эң чыгаан алып баруучу, куудул болгон, ал Кара-Сууга эстрада тобу менен келгенде дайыма бекер концерт коюп кете турган. Жанабил, Кожо, Асек байкелер Акылбек байкенин жакшы теңтуштары болгон. Акылбек байкелер 1945, 1946, 1947 жылы төрөлгөндөр болуп бир компания болуп, жер жайнаган балдар эле. Апамды узатканда Кермалы агай келип, ушунчадан экөөбүз калдык деген, Акылбек байке да узады, эми Кермалы агай эле калды да...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости