www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын парламенти аялдарды исламдын кийим-кече кодексин бузгандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бир жыл мурда өлкөнү бийлик менен моралдык полициянын өзүм билемдигине каршы нааразылык акциялары өткөндөн бери көптөгөн ирандык аялдар баштарын жабуудан баш тартышканын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Мыйзам долбоору “Хиджаб жана аруулук жөнүндө” деп аталат. Ага 152 депутат "макул", 34 депутат каршы, 7 депутат калыс добуш берди.

Эми аны Конституциялык көзөмөл органы болгон Сакчылар кеңеши бекитиши керек, андан кийин ал толук кандуу мыйзамга айланат.

Анын максаты - ирандыктардын ислам дресс-кодунун сакталышына көзөмөлдү күчөтүү.

БУУ мыйзам долбоору Ирандын аялдары менен кыздарын ого бетер зордук-зомбулукка жана куугунтукка дуушар болорун эскертет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости