www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жүрөгүм, жүрөгүм ооруп калды жүрөгүм" деген жана башка ырлары менен таанымал, "капкара кашы, күйүп турган көзү" менен бир топ кызды арбап алган ырчы жигит Данияр Эрматов NazarNews.kgтун маек төрүбүздө.

- Салам, Данияр! Чыгармачылыктын үстүнөн кызуу иштеп жаткандайсың...

- Жыл жаңыраары менен жаңы ырларды жаздырып даярдап койдум. Жакында буюрса эки клип тартам. Андан соң гастролдук иш сапарым менен түндүк-түштүктү кыдырып келем.

- Көпчүлүк үчүн сенин жашооң кызыктуу сезилсе, өзүң үчүн окшоштой сезилсе керек...

- Ооба, окшош күндөр көп болот. Ырчылардын жашоосу жыргал деп айткандар жаңылышат. Себеби, ар бир иштин өз түйшүгү бар. Оңой жол менен келип жылдыз болуп калганым жок. Көп эмгектендим. Ыр жаздыруу, клип тартуу биздин эң негизги жумуш. Бул жумуш ийгиликтүү болуу үчүн ага тоодой эмгек керек.

- “Учурда ийгиликтүү ырчымын” деп айта аласыңбы?

- Бул суроого кыргыз эли жооп кайтарса жакшы болот го деп ойлойм. Себеби, сындаган, мактаган да элибиз. Өзүмдү ийгиликтүү ырчылардын катарына кошпосом да, бир аз да болсо эл оозуна алындым деп айта алам.

- Акыркы учурда той ырлары көбөйүп, коёндой окшош клиптер көп тартылууда. Буга кандай карайсың?

- Бул нерсени моюнга алуу керек. Туура, акыркы учурда бир темптеги той ырлары радио толкундарда көп жаңырууда. Бул нерсенин ырчылардын күнөөсү деп билем. Изденүү жетишпей жатат. Ар тараптуу стилдеги, жанрдагы ырларды ар бир ырчы өз репертуарына кошуу керек. Той ырларынын көбөйүп жатканы той сезонго да байланыштуу болуп калат. Тойго барып алып жай ырды ырдасаң, эл тажайт. Шаңдуу ырдасаң, сени коштоп бийлейт. Ал эми клиптер туурасында айтсам, өз ишин билген мыкты кесипкөй клипмейкерлер бизде саналуу гана. Аларга тарттыруу үчүн кезекке туруу керек болот. Кезегиң жетип, клип тарттырганча кээде ырың эскирип кетет. Бул жагынан айта берсем маселе көп.

- Ырчылар арасында да эки жаатка бөлүнүп калганыңарды көп байкайм. Кыргыз шоу-бизнесинин ынтымагы жокпу?

- Ынтымак бар. Эгер бир ырчы чет жерде мекенибиздин намысын колдоп жүрсө, кош колдоп турабыз. Ал эми ырчылардын арасынан дос табуу бир аз кыйыныраак. Мамилең келишкен адам менен гана достошосуң. Ушуга байланыштуу ар ким өзүнүн чөйрөсүндөгү ырчылар менен достошуп, бөлүнүп жүрүшөт го...

- Ырчы жигиттер менен шерине ойноп жүргөнүң да бизге белгилүү. Шеринедеги жигиттер жакын достордонсуңарбы?

- Ооба, алар менин чыгармачылыктан тапкан эң жакын досторум. Ынтымагыбызга көз тийбесин. Ошол досторум менен сыймыктанам!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Төмөнкү тасмадан Данияр Эрматовдун "Токто жаным"  ырына күбө боло аласыздар;

Последние новости