www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Данияр мырза, мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурда саясаттагы курч жаштарыбыздын бири элең. Азыр неге саясаттан алыстап кеттиң?
- Саясаттан алыстаган жокмун, аралашып жүрөм. Орчундуу маселелерге өз оюмду билдирип, позициямды айтып турам. Илгеркидей калыстык принциптерге туруп, эч кандай жаман иштерге аралашпай, коомдук иштер менен алектендим.
- Азыр эмне иш кыласың?
- Жакында «Кыял» мамлекеттик ишканасына директор болуп келдим. «Кыял» бирикмеси - кол өнөрчүлүктүн борбору болуп салынган, бирок союз жоюлгандан кийин өзүнүн милдетин аткарбай, базарга айланган. Ишкананы өнүктүрүү, өстүрүү боюнча жакшы идеялар бар. Жаңы багытта, жаңы ыкмаларды колдонуп, ички башкаруу тутумду өзгөртүл, жогорку деңгээлге көтөргөнгө толук мумкүнчүлүк жана эрк бар. Жакынкы арада угасыздар.
- Кайсы партия менен шайлоого барганы турасың?
- Шайлоону азырынча ойлонгон жерим жок, «Кыял» бирикмесинин иши менен алек болуп жүрөм. Шайлоого чейин дагы убакыт бар, ойлонобуз.
- Учурдагы саясый абал кандай ойлорго салууда?
- Азыркы саясый абал жөнүндө айта турган болсом, мыйзамдуу шайланган президентибиз аракет кылып, таза иштеп жатат. Өкмөт дагы аракет кылып жатат, бирок ошол эле учурда кемчиликтер да бар. Иштебеген адамдын кемчиликтери жок, иштеген адамдын сөзсүз кемчиликтери болот, аны моюнга алыш керек. Ошол эле учурда саясый туруктуулукту бузабыз дегендер дагы жок эмес. Саясый кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан өйдө койгон, элди эмес, өзүн, жеке кызыкчылыгын ойлогон саясый күчтөр көп...
Булак: "АЗИЯnews"