www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн когнитивдик көйгөйлөрү тууралуу дарыгерлер жана жакындары менен олуттуу сүйлөшүшү керек. Бул тууралуу Ак үйдүн мурдагы дарыгери, республикачыл конгрессмен Ронни Жексонго шилтеме берип РИА Новостижазды.

Конгрессмендин айтымында, Байден жана демократ эки сенатор (90 жаштагы Дайан Файнштейн жана инсульттан аман калган Жон Феттерман) "өлкөнү кыйынчылыкка кептеп койгону турат".

"Чындыгында бул саясатчылар саламаттыгына байланыштуу өз ишин аткарууга жөндөмсүз. Улуттук коопсуздук коркунучта! Алар дарыгерлер жана үй-бүлөлөрү менен отуруп, олуттуу сүйлөшүүлөрү керек", — деди Жексон.

Республикалык партиянын өкүлдөрү Байденге психикалык тесттен өтүшүн же 2024-жылдагы президенттик шайлоодон баш тартуусун талап кылып кат жазышкан. Кат Жексон тарабынан демилгеленген жана 61 республикачы кол койгон. Алардын айтымында, Байден президент болгондон бери ага окшош өтүнүчтөр менен үч кат жөнөтүлгөн, бирок Ак үй аларга көңүл бурган эмес.

Учурда 80 жаштагы Жо Байден АКШнын тарыхындагы эң кары президент болуп калды. Ал дайыма ыңгайсыз кырдаалдарга туш болуп келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости