www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (Политех) бир катар студенттери өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаевдин университетте лекция окуп жатканына нааразы болуп жатышат. Студенттер окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевге кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашты.

Кайрылуу текстинде азыркы жаш муун үчүн Аскар Акаев коррупциянын, уурулуктун, талкалануунун жана чыккынчылыктын символу экени айтылат.

"Мен жана биздин муун үчүн Аскар Акаев коррупция, тоноочулук, бүлдүрүү жана саткындыктын символу. Биздин студенттер муну менен толук макул экендигине ишенем. Бүгүнкү күндө өзү келечегин уурдаган жаш муун үчүн лекция өтүү тууралуу билдирүүсүн шылдың катары баалайм" , - дейт студент Элхан Алыбаев өз билдирүүсүндө.

Алар башка студенттерди дагы бул маселе боюнча өз ойлорун жана нааразычылыгын билдирүүгө чакырышат.

Окуу жайдын жетекчилиги азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, Аскар менен Майрам Акаевдер акыркы эки күндөн бери Бишкекте жүрүшөт. Ага чейин Таласта болушкан. Колдо болгон маалыматтарга караганда, биринчи президент Бишкекке Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (Политех) жана Улуттук илимдер академиясында лекция окуу үчүн келген.

Последние новости