www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Уттар-Прадеш штатында эки дарыгер оорукананы тазалап иштеген кызматкер менен ичип алып мас болуп, бир чакырымга созулган унаа тыгынына алып келген чоң мушташка себепкер болушкан. Бул тууралуу News9Live телеканалы билдирет.

Маалыматка ылайык, тополоңдун себепкерлери Барели шаарындагы оорукананын кызматкерлери болушкан.

"Спирт ичимдиктерди ичкен соң үчөө өтүп бараткандарга кол сала башташкан", - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Дарыгерлер ары-бери өткөндөргө тийишип, андан сырткары таттуу сатып алуу үчүн көчөгө чыккан жигитти катуу сабап салышкан Жабырлануучу оор жаракат менен ооруканага түшкөн.

Тополоңчулардын жоругуна нааразы болгон бир нече киши мушташа кетишкен. Көп өтпөй окуя болгон жерге эки полиция кызматкери келген, бирок дарыгерлер аларга катуу каршылык көрсөтүшкөн. Алар тартип сакчылары менен мушташып, алардын кийимдерин айрып салышкан. Натыйжада тартип сакчылары агрессивдүү эки оорукана кызматкерин кармашкан. Ал эми үчүнчүсү качып кетүүгө үлгүргөн.

Массалык мушташ учурунда көчөдө бир чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгон. Жол кыймылын толук калыбына келтирүү үчүн полицияга бир сааттай убакыт керектелген. Укук коргоо органдары кармалгандарга кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүгө чейин темир тор артында калаарын билдиришет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости