www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабык мекемелердеги, анын ичинде №1 тергөө абагындагы камалгандардын кармоо шарттарына туруктуу негизде мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы маалымдайт. 

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда Институттун кызматкерлери № 1 тергөө абагында болушуп, камакта кармалгандардын шарттары менен таанышып, кызматкерлер камераларды, анын ичинде Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровдор кармалып жаткан камераларды көрсөтүшкөн. 

"Жээнбеков кармалган камерада муздаткыч, тамак жылытуу үчүн электр плиткасы, нан бышыргыч бар экен. Камера биринчи кабатта жайгашкан, алгачкы кароодо ным жыттанган жок, косметикалык оңдоодон өткөн. Имараттын тышындагы дубалда суу агып саргарып калган изи байкалат, бирок ички дубалдар кургак.

Аталган камерда 5 адам кармалат жана бул улуттук мыйзамдарда каралган нормалардын талаптарына жооп берет", - деп айтылат маалыматта. 

№ 1 тергөө абагынын кызматкерлери берген маалыматка таянсак, Равшан Жээнбековду биринчи кабаттагы камерага бир аз мурда которушкан, анткени экинчи кабатта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Жеңиш Молдокматова жана Кубанычбек Кадыровдун камераларын кароодо кармоо шарттарынын одоно бузулган учурлары аныкталган жок.

Азимбек Бекназаров кармалган камера авариялык абалда. 

Мониторингдин жыйынтыгы менен Акыйкатчы институту биринчи кабаттагы авариялык абалдагы камераларда камакта жаткандарды көчүрүүнү талап кылды.

Буга чейин, 25-26-августта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, ошондой эле Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева №1 тергөө абагына Жогорку Кеңештин депутаттары Г. Кожокулова жана Ш. Атазов төрагалык кылышкан депутаттык комиссия менен биргеликте өткөн мониторингге катышкан.
1-тергөө абагында Ж. Молдокматов, А. Бекназаров, Р. Жээнбеков, Э. Бекчоро, Б. Асанов, К.Кадыров, М.Баязов, К.Дуйшебаев, А.Акматовдор кармалган камераларды карап чыгышкан.

Бекназаров сот жыйындарынын учурунда күзөтчүлөр ага суу бербей жатышканын айтып даттанган. 

Мындан тышкары сот отурумдарын өткөрүү шарттарына, тагыраагы, бул иш боюнча өтүп жаткан фигуранттардын 27 адам экенин, мындан тышкары күзөтчүлөр жана жыйындын катышуучулары болоорун эске алганда, отурум өтүп жаткан зал чакан болуп, эл батпай калып жатканына арызданышкан. Ошондой эле айыпталуучулар соттор эмне деп айтып жатышканын укпай калышаарын белгилешкен.   

Равшан Жээнбеков анын камерасында суткасына эки ирет, үч сааттан кем эмес узак тинтүүлөр жүрүп жатканын айтып даттанган. Алар ошондой эле камераларда тиешелүү вентиляциянын жок экенин билдиришкен.  

Мониторингдин жыйынтыгы менен КРнын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева Жогорку Соттун жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине адам укуктары боюнча эл аралык нормалардын, жалпы таанылган принциптердин жана өлкөнүн улуттук мыйзамдарынын алкагында укуктарды сактоону камсыздаш үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алуу талабы менен расмий кат жөнөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости